Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Бизде бапестеп ала турган экс-президенттер жок”

Каныбек Осмоналиев: “Бизде бапестеп ала турган экс-президенттер жок”

26-август, 09:00
560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Агай, экс-президенттерди кээ бир артыкчылыктарынын ажыратуу демилгесине сиз кандай карайсыз?

-- Өзү бул мыйзам ошол кездеги саясый курч кырдаалда кабыл алынган, муну баарыбыз эле билебиз. Аскар Акаевдин авторитардык бийлиги өркүндөп турган мезгилде күчкө салып эле кабыл алдырып коюшкан. Экс-президенттерге жомоктогудай жеңилдиктерди берүү чынында эле ашыкча. Жансакчы, баардык коммуналдык кызматтардын мамлекеттин эсебинен бекер болгону, резиденцияда жашаганы, медициналык тейлөө укугу, дача... Дүйнөлүк практиканы карап көрсөк, АКШда, Европанын баардык өлкөлөрүндө, Малайзия, Япония, Таиланд сыяктуу Азиянын кээ бир аймактарында кепилдик жөнүндө сөз да жок. Экс-президенттер элден чыккан кишилер катары кайра эле көпчүлүктүн катарына кошулуп, өзүнүн пендечилик турмушун өткөрүп жүрүшөт. Биз эле каадаланып, өзгөчө жеңилдиктерди берип, кайра аны кубалап...

-- Анда сунушту колдойт турбайсызбы?

-- Эгерде чынында эле Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, идеологиясын түптөп, мурда болуп көрбөгөн кайра жаралуу доорун жаратып берсе, андай экс-президенттерди эл өзү эле көтөрүп, өмүр бою бапестеп багып алат. Бирок, андайлар жок да бизде. Боло элек. Мындан ары болот деген үмүтүбүз бар. Ошондуктан, депутат Жеңишбек Токторбаевдин көтөрүп жаткан демилгеси абдан маанилүү. Ага рахмат айтышыбыз керек. Бул долбоор комитеттерден ачык-айкын талкуудан өтүшү керек. Элдин талкуусуна чыгып атканы да дурус экен. Ошондуктан, мен бул демилгени колдойм. Эл өкүлү туура эле сунушту киргизген. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер