Кыяз Молдокасымов: “Ордо оюндары Камчынын жүрөгүн ооруттубу?”

Кыяз Молдокасымов Камчыбек Ташиев тууралуу пикирин жазып чыкты:
“Камчыкени негедир Нүзүпкө көбүрөөк окшоштуруп жатам. Ордодон алыс кезинде эскилер андан оолак болгонго аракет кылышчу. Мекенчил ураанын көтөрүп чыкканда ага мыйыгынан күлүшүп, “кантип эле?” деп ишенбей четтеп турушту. Акыры таскагы катуу чыгып, чечкиндүү аракеттери менен Камчыке ордодо чечүүчү адамга айланды. Андан алыстагандар кайрадан жакындай баштады. Ал гана эмес эскилер “терилерин” алмаштырып, мурдагыдай эле ордого жуткунушуп, чечүүчү кызматтарды ээлеп, ээрге отурган соң эсиришип, Камчыкени ордодон алыстатып, таасирин азайтууга болгон аракеттерин жасоого киришкендей сезилүүдө. Жүзүн дароо өзгөртүшкөн эскилердин мындай кылыктары Камчыкенин жигиттик принциптерине туура келбей, жүрөгүнө оор тийип, оорутту шекилдүү...
“Эртерээк дарыланып, батыраак сакайып, мекениме кайтып келип, баштаган күрөшүмдү улантам” деп четке кетти. Бирок ордодо Нүзүптөй зор таасирге ээ Камчыкени каралоо токтомок тургай күндөн-күнгө күч алгандай. Ордонун миң түрдүү оюндарын мыкты өздөштүргөн, президенттердин бири кетсе экинчисинин этегине ачкенедей жармашкан, дароо өз “терилерин” алмаштырып, “мекенчилдердин” терисин жамынышкан эскилер Камчыкеге чабуулун ооруп жатса да токтотчудай түрү жок. Ордо күрөшүн оюнчулар күчөтө берип, ойрон болуп калбасак эле болду.
Эң башкысы, Камчыкенин кыяматтык досу Садыр Нуркожо уулуна күч-кубат, майтарылбаган эрк, жолунан адаштырбаган даанышмандык, ийилсе да сынбас акыйкаттык каалайбыз!”