Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрт пансионат боюнча талкуу бийликтин беделине сокку урду

Төрт пансионат боюнча талкуу бийликтин беделине сокку урду

25-август, 13:47
521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл арасында нааразычылык жаралды. Соцтармакта сын-пикирлер мөндүрдөй жаады. Башында Алмазбек Атамбаев мамлекетке кайтарганын, эрдик кылганын да эстешти. “Араң турган көз эле...” дегендей. Айтор, саясый боёк кыйла сүртүлдү.

Натыйжада, Өзбекстанга кеткен төрт пансионат боюнча президент да түшүндүрмө берди. Вашингтон сотунан утулуп, 40 миллион доллар мойнубузга илингени, ошон үчүн 49 жылга арендага берүүгө мажбур болгонубузду шардана кылды. Көрсө, мунун баары мурдагы бийликтин катачылыгы экен. Атайын эскертти. Бирок талкуу кайрадан кызыды. “Эмнеге эл аралык сотко даттануу арызын кайра берген жокпуз? Биз утулган чечим кана? Көргөзбөй жатышабы? Мамлекет улуттук байлыктарын сактап калса болбойт беле? Бул жерде мандем бар го?” деген сыяктуу бир топ айыптоолор менен суроолор коюлду. Бийликке ишенбөөчүлүк жаралып, беделине сокку урулду. Ооба, коомчулуктагы көрүнүш ушундай болду. Мындан да ачуу кептер козуду... 

Негизи өкмөт караңгыдан көз тапкандай кылып, соттошууну улантып, эгер чын эле утулуп калсак, анда башка жолун таап, ички инвесторлорго сатууга белсенип, Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап калуунун жолун тапса болбойт беле? Бизде байлар арбын, аларды өкмөт эпке келтирсе не? Дагы бир өңүтүнөн алганда, төрт пансионатты Өзбекстанга берүү менен мамлекетибиз кандай пайда табарын түшүндүрө алышпады. Шек...

“Болору болду, боёсу канды” демекчи, кыскасы, поезд кетип калды. Кемпир-Абад көйгөйүнөн кийин олуттуу маселе жаралганын абактагы саясатчы, активисттер да айтышып, кайрылуу жасашты. Калганын убакыт таразалайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер