Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россиялык блогер алып чыккан кыздын абактагы апасына жардам берилет

Россиялык блогер алып чыккан кыздын абактагы апасына жардам берилет

08-декабрь, 11:35
1 560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Юстиция министрлиги россиялык блогер алып чыккан кыргызстандык кыздын абактагы апасына укуктук жардам берет. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, министрлик Айнуранын апасынын  ишин карап жатат.

«Юстиция министрлиги ушул жана башка иштер боюнча көйгөйлүү кырдаалдарга мониторинг жүргүзөт жана мүмкүн болгон юридикалык колдоо көрсөтүү үчүн жардам берет» деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык кыз блогер менен маектешүү учурунда апасы карызга батып, мунун айынан камалып кеткенин айткан. Dava деген каймана аты менен таанымал блогер Давид Манукян анын карызын төлөп, апасын абактан чыгарууга жардам берүүнү убадалаган. Ошондой эле ал Айнуранын кыялын орундатып, Дубайга өзүнүн командасы менен кошо эс алууга алып кетти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер