Чуңкурчакта эгемен күн менен Байтик баатырдын 200 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди

Жеринде биз да болдук. Республиканын булуң-бурчунан келбеген эл калбаптыр. Жайлоодо элден машине, машинеден киши көп. Күн аркан бою көтөрүлгөндө кош маараке өтө турган жерге МАИнин коштоосунда жеттик. Ал жакта уюштуруучулар катуу кам көрүп, кыйсыпыр түшүп аткан экен. Илгери Какшаалда аттуу-баштуу бир адамдын тоюнда 1000дей бозүй тигилип, 40 күн тойлогондорун санжырачылардан уккан жайым бар. Кудум ошондой эле сүрөттөлүш көзгө тартылды. Каз-катар тигилген 300дой аппак бозүй, ар кайсы жерде тартип сакчылары келген конокторду жылуу кабыл алып, атайын оюн-зоок өтө турган сахнаны тегерете жайгаштырып атты.
Тал чокуда кызыл байрак
Президент Садыр Жараров алгач тал чокуга туу тикти, эгемендин желеги көпкөк ободо желбиреди. Мурунку күнү аба ырайы бузулчудай болуп турган кара кочкул булуттар таң эрте тоо артына жашынып кеткенин бизден мурда келген коноктордон уктук. Алтынбек Максутовдун атайын даярдалган театралдык салтанаты Байтик баатырга арналыптыр. Идеясы сюжети менен айкалышып, көрөрмандардын купулуна толду.
Оюн-зоок, спорттук иш-чара, аламан байге...
Оюн-зооктор белгилүү каскадер Эдил Молдалиевдин жетекчилиги алдында ат оюндары менен ачылды. Аттын кулагы менен тең ойногон кыргыз кыз-жигиттери көз жоосун алган трюктарды көрсөттү: кыз куумай, тыйын эңмей ж.б. Улуттук оюндар андан ары уланды. Абалак менен ордо атмай бир жагында, кыргыз күрөшү тиги жагында, кыйкырык-сүрөөнү бу жагында болуп, 30 чакырымдан ашык аламан байгедеги алгачкы марага Таластын аргымагы биринчи келди.
Кеткиси келбеген коноктор
Түш ооду. Күн кылкылдап, тоонун кырына жамбаштап калган кезде биз да шаардын жаны тынбаган жашоосунак кайтмак болдук. Чоң жолдо саманчынын жолундай шыгыраган машинелер көзгө урунду. Ал ортодо Чүй облустук администрациясы курсак кампайтмайга чакырды. Кыргыз элинен айланса болот. Сыйга сыйдай мамиле кылат эмеспи. Бозүйдөгү тасмал жайнайт. Берекесин берсин!
Жыйынтыктайын, кош маараке жогорку деңгээлде өттү. Кыргыз ушунусу менен кыргыз экен.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити