Акыркы кабарлар
» Саясат » Имамидин Ташов саясат менен ойноп, бирди көргөнү жүрөбү?
Имамидин Ташов саясат менен ойноп, бирди көргөнү жүрөбү?
27-ноябрь, 20:29

Эске салсак, өткөн парламенттик шайлоого Имамидин Ташов “Замандаш” партиясы менен аттанып, бирок, аягына жетпей ойт берген. Бул саам амбициясын ашынтып, президенттикке талапкерлигин коюп алды. Мунун максаты эмнеде? Мамлекеттик кызматтарда иштебесе, саясый сыноолордон өтпөсө, анан жөн эле кутура береби? Жадагалса даяр бизнесин да эптей албай жүрөт. Андан көрө “KG Групп” компаниясын тыңгылыктуу иштетип албайбы? Үйлөрдү чала бүтүрүп, артынан доочуларды нааразы кылбай, туурабы?.. Имамидин Ташов эл көзүнө ыймандуу, кайрымдуу, берешен көрүнгөнү менен андан жабыркагандар канча? Ишин ырааттуу жүргүзө албай, саясатка аралашуу менен арка-мойнун очорултуп албайбы? Соболдор арбын да...
"Азия Ньюс" гезити