Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бирөөнүн күйөөсүн сүйүп, жашыруун жолугушуу оор болсо да көнүп кеттим

Бирөөнүн күйөөсүн сүйүп, жашыруун жолугушуу оор болсо да көнүп кеттим

17-июль, 12:30
7 997 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир кезде мен күйөөмдүн саткынчылыгынан жабыркаган аял элем. Ал мага кайталап чыккынчылык кылып жүрдү. Ошондо өзүмө “эч качан бирөөнүн күйөөсүнө ашык болбойм” деп убада берчүмүн...

Ажырашкан соң көпкө чейин жалгыз жүрдүм. Анан бир адам менен таанышып калдым. Ал да ажырашкан, бир баласы бар экен. Мамилеси назик, урмат-сыйы жогору. Көп өтпөй ал мурдагы аялы менен жарашууну ойлоп жатканын айтты. Мен түшүнүү аркылуу кабыл алдым, бирок ичимен оор сезилди. Мамилебизди токтотууга аракет жасадык.

Бирок экөөбүз бири-бирибизди сагына баштадык. Акыры кайра жашыруун жолугушуп жүрөбүз. Ал мени алдабайт, аялы жөнүндө жаман айтпайт. Мен да ага турмушка чыгууну каалабайм – азыркы жашоом өзүмө жагат. 

Мен мындай мамиленин туура эмес экенин билем, бирок ансыз кыйналам. Бул тагдырдын тамашасы болсо керек...


Жылдыз   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер