Кышкысын ден соолукка кам көрүүгө зарыл кеңештер
Биринчиден, албетте, витаминдер. Унутпаңыз, учурда эч кандай жашылча-жемиштер толук кандуу витамин комплексин алмаштыра албайт. Ошондуктан, врачтар витаминдер курсун ичүүнү сунушташат, аларды дарыгер менен чогуу тандап алса жакшы болот.
Жумасына бир жолу спорт менен машыгып коюп, кээде кечки тамактан баш тартуу менен ашыкча салмак көйгөйүнөн арылам деген жаңылыштык
Калориялардан арылуу үчүн системалуу түрдө физикалык активдүүлүккө убакыт бөлүп, уктаардан бир нече саат мурун тамак жебешиңиз керек.
Пайдалуу азыктардан акча үнөмдөбөңүз
Кээде пайдалуу тамак-аштар кымбатка турушу мүмкүн. Бирок, туура жана тең салмактуу тамактануу ден соолуктун жана узак өмүрдүн ачкычы экендигин унутпаңыз.
Уйкунун жетишсиздиги ден соолукту начарлатат
Түн ортосунан кийин уктап, эртең мененки саат 7де турууга зарыл учурларда гана уруксат берилет, бирок күн сайын эмес.
Тамеки чегүү бырыштарды жана карылык процесстеринин тез өнүгүшүн шарттайт
Жаш жана жаңы көрүнүүнү сактап калууну каалоо – бул аялдын каалоосу гана эмес, эркектер дагы мүмкүн болушунча жаш бойдон калууну каалашат. Бирок тамеки тартуу ички органдарга гана эмес, сырткы көрүнүшүнө дагы терс таасирин тийгизет.