Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сегиз баласы менен аялын таштап, көңүлдөшүнө үйлөнүп алган...

Сегиз баласы менен аялын таштап, көңүлдөшүнө үйлөнүп алган...

18-январь, 16:57
2 089 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Биринчи май айылынын 41 жаштагы тургуну Шаболот (аты өзгөртүлдү) 35 жаштагы аялы Айканы (аты өзгөртүлдү) 8 баласы менен таштап, ойнош күтүп, ажыраша элек жатып үйүнө киргизип алган. Бул окуяга айыл тургундары нааразычылыгын билдиришип, алтургай күбө катары өтүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө.

Айканын айтымында, күйөөсү мындан 12 жыл мурда эле көзүнө чөп салып, ал аз келгенсип үйүнө келип аялына зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөн.

“Мени ала качып алып кетишкен. Башында жакшы эле жашап жүрдүк. Төрт жылдан бери жолдошум ойнош күтүп алгандыктан, экөөбүздүн ортобуздагы чыр-чатак көбөйүп, күнүгө уруш-талаш болуп, күнүгө мага колу тийип баштады. Ичимдик ичип келген сайын ур-токмокко алчу. Акыркы жолу, болжолу жаз айларында дос баласынын үйүнө шеринеге барып, үйгө келе жатып кырсыкка кабылдык. Саат түнкү 1лер чамасы болсо керек. Дос балдары бизди чыгарып, үйгө алып келишти. Алар менен таң атканча ичимдик ичип отурушту. Ошол учурда түнкү саат 3төрдө жолдошума Чолпон аттуу кыз чалды. Андан соң алар дагы ичимдик ичкенин улантып отурушту. Кайра эртең менен саат 9дар чамасында жолдошума баягы кыз дагы чалды. Ошондо жолдошум мени “сен жана кырсыкка кабылганда эле өлүп калсаң болмок” деп сабап баштады» дейт ал.

Кичинекей айылда чөптүн башы кыймылдаса жалпы элге маалым болот эмеспи. Бул үй-бүлөнүн окуясы бат эле элге дуу болуп, айрымдары Шаболотту жерип, 8 баланын убалы кимге?” деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.

7-канал

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер