Кыргызча түш жоруган Вероника айымды жактырып калдым...

(Вероника Исаевага!)
Экономика министринин орун басары Вероника Исаева айымдын кыргызча сүйлөгөнүн, доклад окуганын апам телефондон таап алып мага көрсөттү да, “ай балам, карачы мобу кызды. Улуту орус болсо да кыргызча сүйлөгөнгө жандили менен аракет кылып атат. А сен кыркка чыксаң да үйлөнбөй жүрөсүң. Аракетиң ушу кызча жок” деди. “Апа, менин үйлөнбөй жүргөнүмө Верониканын кандай тийешеси бар, ал деген орус, министрдин орун басары. А мен болгону коммерсант, үйлөнсөм кыргыз кызына үйлөнөм” дедим. Апам бир аз капа болгонсуп, эшикке чыгып кетти. Интернетти чукулап Вероника жөнүндө жазылгандарды окудум, сүрөттөрүн да таптым. Жылдыздуу, баралына келген сулуу айым экен. Как-раз мага келинчек болчудай. Жактырып калдым. Кыялымда, “апа, келиңиз, чай ичиңиз. Бүгүн сизге таластыктарча гүлчөтай кылып, камырын өзүм жууруп, жайып, даамдуу тамак жасап берейин” деп кыргызча айтып атканын элестеттим. Атаңгөрү десе, акжуумал орус кызы... Жүрөгүм бир козголду...
Белек, Талас
"Азия Ньюс" гезити