Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Өтө ысыктан улам жумуш күнүнүн убактысы кыскартылабы?
Өтө ысыктан улам жумуш күнүнүн убактысы кыскартылабы?
06-июль, 12:12

Адаттан тышкары ысыктан улам жумушчу күнүнүн убактысы кыскартылбайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдады.
Гидрометеорологиянын жоболоруна ылайык, адаттан тыш ысыкта абанын температурасы +40 градуска жогорулап жана беш күн тынбай кармалышы керек. Кыргызстанда мындай жогорулоо каттала элек.
“КР Эмгек кодексине ылайык, жумуш берүүчүлөр эмгек коопсуздугун уюштурууда баардык шарттарды түзүшү керек” деп айтылат басма сөз кызматы берген маалыматта.
Эскерте кетсек, 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда адаттан тышкары ысыктын болушу күтүлүп жатат.