Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атам жаш, сулуу кызга үйлөнүп кетип, мен жетим чоңойдум

Атам жаш, сулуу кызга үйлөнүп кетип, мен жетим чоңойдум

04-август, 12:23
2 508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен төрөлгөндө эч ким деле маңдайы жарыла сүйүнбөптүр. Себеби, апам, атам кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, никеге чейин эле жашыруун жакындашып алышат. Каалабаган жерден мен боюнда болом. “Сенсиз жашоо жок” деген убадалар унутулуп, жалындаган сүйүү жек көрүүгө айланат. Апам ичи чоңойгон сайын элден уялып, көчөгө чыга албай калат. Апам атамдын жок болуп кеткенин ар нерсеге жоруп, сөз жугузбай жүрүп, акыры үмүтү үзүлө баштайт. Ошентсе деле “келип калабы...” деген үмүт кургур тынчытпайт. Күбүр-шыбыр сөздөрдүн аягы тыйылбайт. Таенем, таякем эл алдында баш көтөрө албай калышат. Атам болсо суудан кургак чыгып, эч нерсе көрбөгөн, билбеген адам болуп жүрө берет. Көп өтпөй жаш, сулуу кызга үйлөнүп алат. Ал сөзгө ишенбеген таенем, таякем “уялбагандан өзүң уял” деп үйүнө барышат. Ата-энеси менен эмне жөнүндө сүйлөшүлгөнүн билбейм, бирок ошондон кийин акыркы үмүтүн үзүп, ооздору жап болот.

Мен төрөлөм. “Кандай ат коёбуз?” деп деле эч ким кызыкдар болбойт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы келгенде эле таякем кошунанын кызынын атын жөн салды эле коё салган...

Эми менин атым жагып калган жигитке эмне дээримди билбей турдум.....

-- Өзүңүз дагы сүйкүмдүү, ак жуумал сулуу экенсиз, - деди менин атымды сураган жигит.

Биринчи жолу мен өзүм жөнүндө чын жүрөктөн айтылган жакшы кеп уктум. Мен өзүмдү каалоосу жок төрөлгөн каракчыдай сезсем, келбеттүү жигиттин мага берген баасы менин өзүмө койгон баамдан алда канда жогору болду. 

Бул күн жашоомдун бактылуу ирмемдеринин башталышы эле. Бала кезде жетимчиликтин азабын тарткан мен байкуш азыр бактылуу жар, бактылуу энемин. 

Гүлзира

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер