Сүйлөшүү бурмаланып, интригага айланганына Медет Букуев өкүндү


Президент Садыр Жапаровдун айланасындагы жетекчилер, кеңешчилери тууралуу коомчулукта кеңири талкуу жүрөт. Жакында алардын бири Чолпонбек Абыкеев тууралуу эл арасындагы көптөгөн тескери пикирлердин айрымдарын жарыяласак, соцтармакта андай сындар ого бетер жайнады. Ошол эле учурда коомчулук назарына анчалык түшпөгөн башка бир кеңешчиси Медет Букуев такай эл арасында болуп, ажого ачуу чындыкты тайманбай түз жеткирип турарын Акүй тараптагылар билдиришти. Медет Омошевич Садыр Нургожоевичтин кыйын кездеринде жанында жүргөн адам. Ал эми анын кесиптеши Абыкеев тууралуу пикирлер таптакыр тескерисинче. Бизге коомдук ишмер, коррупцияга каршы агенттиктин бир кездеги комиссары, Садыр Жапаровдун орун басары Аскар Бакеев билдиргендей, Абыкеев Бакиев бийлигинде президенттик администрацияда бөлүм башчы, Атамбаев учурунда Жазуучулар союзунун төрагасы, Жээнбеков учурунда Асылбек менен иштешип, “Биримдик” партиясынын агитатору, Жапаров кезинде мамкатчы, президенттин кеңешчиси, кыскасы, “күн тийген жердин күкүгү”.
Кеңешчилер тууралуу сөз жаңыртканыбыз, гезитибиздин өткөн санында “Букуев Абыкеевди кызматтан кетирүүгө киришти” деген маалымат кеткен. Медет Омошевич бир бөлмөдө отуруп иштеген кесиптеши менен өз ара конфликт, кастык жоктугун, болгону аткаминерлердин ишмердиги тууралуу коомчулук ар кандай пикирлерди айтып турушарын, ошондой сүйлөшүүлөр бурмаланып, интригага айланганына өкүндү.
"Азия Ньюс" гезити











