Канат Сагымбаев, Кой-Таш каарманы: “Жаңы желек эскертүү жана чектөөнү түшүндүрөт”
-- Канат мырза, желегибиздин өзгөрүшүнө караманча-каршы болгондордун бири сенсиң. Азыр жандүйнөң ач-айкырык салып турган кези...
-- Буга чейин 30 жылдай желбиреп келген желегибиздин маани-маңызын авторлор менен теңата чечмелеп, жадагалса соцтармактарга өзгөртүүгө каршы экенимди билдирип келгем. Чамгарактын 12 башы – 12 ай; кырк нур – кырк уруу; күн – бийиктик, эркиндик; чамгарак – оң канат, сол канат, ичкилик; төрт бөлүгү – төрт мезгил; чамгарак айлампасы – жер; нурлардын биригип турганы – уруулардын биримдиги; нурлардын ийилип турганы – бири-бирине болгон кичипейилдиги; кызыл өң – ата-бабалардын эмгектерин унутпоо...
-- Ал эми азыркы кабыл алынган туубуз жөнүндө ой-толгооң кандай?
-- Биринчиден, жаңы желектеги түндүктүн төртүнчү чамгарагы эмнени түшүндүрөт? Ал дагы геометриялык катасы менен түшүрүлгөн. Экинчиси, түндүк менен нурлардын ортосунда сары шакекче пайда болду, ал шакекче эмне? Менин жеке түшүнүгүмдө эскертүү жана чектөөнү түшүндүрөт. Үчүнчүсү, биздин туубуздун нурлары биригип, толкундуу болуп турат эле. Ал эми жаңы туунун нурлары ажырап, газ плитанын отуна окшоп калган. Нурлардын биригип турушу биримдигибизди чагылдырчу эле. Толкун болгону Умай эненин оюусу жана бири-бирине болгон кичипейилдикти туюндурчу.
-- Ошондо “туу оңдолду” дегенге кошулбай атасыңбы?
-- Мен “туу оңдолуп түзүлдү” дегенге кошулбайм. Себеби, мамлекеттик символдорго бир чийин кошсо же алса да өзгөрүү болуп эсептелет. Мурдагы туубузду эгемендиктин белгиси катары таанып келсек, жаңы тууну көргөндө бир кишинин туусу сымал кабыл алдым. Мына, менин эмне үчүн каршы болуп жатканымдын негизги себеби.