Акыркы кабарлар
» Саясат » Алтынбек Сулайманов дагы муш көтөрдү. Көнгөн адат калбаптыр да-а...
Алтынбек Сулайманов дагы муш көтөрдү. Көнгөн адат калбаптыр да-а...
15-октябрь, 12:03

Кечээги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында көп окуя болду. Маанилүү жыйын өттү. Садыр Жапаров легитимдүү премьер-министр катары шайланды. Кут болсун!
А бирок, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мыйзам талашын жаратып, депутат Канат Керезбековду журналисттер кире албай калган бөлмөдөн жулкулдатып, көгөрбөй турган жерге омуроолоп уруп, кызуу кандуулукка алдырганы жарабас. Ооба, Алтынбек мырза чындап элдик кызыкчылыкты кабыл алдыруу, кийинки шайлоону олигархтар үчүн эмес, босого чекти 3 пайызга, күрөөнү 1 миллион сомго түшүрүүгө жан үрөп атат. Бирок, муштум менен эмес, акыл-эс, сабырдуулук аркылуу чечпейби? Атаңдын көрү, баягы көнгөн адат калбаптыр да-а...
"Азия Ньюс" гезити