Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаев, Отунбаева жана Иманалиев “гүлчөтайлар” беле?..

Текебаев, Отунбаева жана Иманалиев “гүлчөтайлар” беле?..

12-декабрь, 22:12
2 050 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Текебаев таңуулаган, он жылдан бери башаламандык жараткан Башмыйзам мындан ары, тактап айтканда, 2021-жылдан баштап кыргыз элине иштелбей турганы анык болуп калды. Ошон үчүн Садыр Жапаров ачык эле айтып жатпайбы, “эгер мен бийликке келип калсам, биринчи кезекте “парламенттик башкаруу” демиш кылып алган партиялык коррупцияны, эч ким эч нерсеге жооп бербеген, бир гана өздөрүнө ылайыкташтырып жазып алган башаламан Конституцияны кайрадан бир сыйра карап чыгабыз” дегенден баштап, Текебаев баш, Иманалиев төш болгон жана башка “оппозициядабыз” деген саясый шылуундар караманча жер тепкилешип, карышып калганча каршы туруп жаткандарынын себеби ушунда. Башаламан мыйзамдар менен дагы деле болсо эч нерсеге жооп бербей, бийликтин бутагына илешип, акырынан жем жеп, сүйрөлүп жүрө бергилери келишет. Буларга Кыргызстандын эртеңки келечеги бир тыйын экенин жана эртең маа десе бизден кийин чөп чыкпасын (!) дегенчелик кылып жаш балдардын башын айлантып, мыйзамсыз жолдорго түртүп жатышат. Ал эмес эмитен эле “эгер Садыр Жапаров президенттик таймаштан утуп келсе, биз аны тааныбайбыз” дегенчелик кылып да жатышат. Азыркы бийлик “Башмыйзамыбыз элге гана кызмат кылгыдай жана экономиканы астыга жылдырып кете ала тургандай кылалы” деп конституциялык кеңешме түзүп, Конституцияга оңдоо-түзөөлөрдү киргизип, “зарыл болсо жаңы жазалы” дешүүдө. Мунун эмнеси жаман? “Элибиз 30 жылдан бери тентип, өлкөбүз ар кимден карыз сурап, думана болуп туңгуюкка такалдык. Келгиле, жапатырмак ушул кризистен суурулуп чыгалы?” деп жатышса, капталдан чыга калып тизеге чаап, тургузбастын айласын кылышууда. 

Азыркы бийликте отургандар жана Бекбосун Бөрүбашов баш болгон конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы “ой, такыр эле жерип сындай бербей, келгиле, оюңар менен бөлүшүп, сунушуңарды бергиле? Кыргыз эли үчүн чогуу иштешели” деп жатышпайбы? Ал эми жогорудагыларга эптеп эле “бөйрөктөн шыйрак чыгарыш керек” болуп жатыптыр. Болбосо, ошол чуулдатып жаткандар өзү 20дай эле саясый чайкоочулар, аларга жабышып, Текебаев жазган башаламан Конституцияны жактап жүргөндөр 40-50дөй эле адамдар жана “Азаттык” баш болгон 3-4 маалымат каражаттары. “Боёкчу, боёкчу десе, атасынын сакалын кошо боёптур” дегендей, массалык маалымат каражаттары сөз эркиндиги деп демократияга жамынып алып, элге бир жактуу маалымат таркатуу менен алек. Болбосо, Текебаев жазган Башмыйзамдын чийки жерлери абдан көп, муну эмне үчүн баса белгилеп, көзгө сайып көргөзүп айтышпайт дагы, Садыр Жапаровго асылышып, “бул бийлике келсе “супер президент” болот” деп эмитен эле элди тескери бурганга жан үрөп жатышат? Бирок элдин 90%ы булар канчалык барабан кактырып, сурнай тарттырып жамандашпасын, президенттик башкарууну жана “бир эле учурда өкмөт башында туруп, жоопкерчиликти эки эсе алып иштеп берем” деп жаткан Садыр Жапаровго акыркы үмүтүн байлап отурушат. Эгер Ө.Текебаев, Р.Отунбаева, К.Иманалиев жана башкалар референдумга коюлуп жаткан президенттик же парламенттик башкаруу деген таклиптин президенттик дегени жакпай жатса, колдобой ак коюшсун! А жалпы эл президенттик башкарууну канча пайыз менен колдоп чыгышканын көрө жатат элек. 

Ошону менен катар массалык маалымат каражаттарынын элдин оюн жана мүдөөсүн чагылдыргандын ордуна кайра-кайра “көпчүлүк антип атат, минтип атат” демиш этип, калпты-чынды койгулап, 6 милллион элдин башын айлантып жаткандардын дагы бети ачылып, Кудай буюрса, бир айдан кийин ашкереленип, “гүлчөтайдын” мына ошондо накта жүзү ачыларына баарыбыз күбө болорубуз алыс эмес. Мына ошондо эмне айтаар экенсиңер? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер