Көлбаевдин насаатчысы Азим Рой кайда жашынды?

Акыркы күндөрү Камчыбек Көлбаевге кызмат кылгандар, бизнес өнөктөштөр, дегеле байланышы бар адамдар кармалышып, мыйзам алкагында жооп беришүүдө. Бүйүр кызыткан көп маалыматтар, сырлар ачыкталууда. “Билгенден биле элегиң көп” дегендей, дагы далай жаңылыктарга карк болот окшойбуз.
Мындан улам, биз олуттуу суроолорду ортого салып, көмүскөдөгү көп кызыктарга жол ачсак. Көлбаевди ушундай даражага жеткизген, “Мыйзамдагы ууру” макамын алып берген Орозахун Сейдазимов беле? Бул киши кийин аты-жөнүн өзгөртүп, Азим Рой болуп алган. “Дед Хасан”, “Япончик” аттуу кримавторитеттер менен ымаласы бар үчүн насаатчыга айланып, шакиртин эл аралык деңгээлге чыгарганбы? 2008-жылы Өмүрбек Суваналиев Нарын облусунда губернатор болуп турганда, Камчыбек Көлбаев “Мыйзамдагы ууру” катары көтөрүлүп, Теңир-Тоодон жуумакчы болушканда, атайын топту Азим Рой баштап келгенби? Ошондо генерал Суваналиев мындай “конокторду” тосууга каршы чыгып, өзүнүн аймагына айдап чыгарганын бир канча ирет айткан. Дал ушул көмүскөдөгү адам Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү карьерасын жасатууга оңбогондой салым кошконбу? Азыр кайда? Береги сүрөттөрдө ар кандай мезгилдерде бирге болушканы, жакын адамдардай жүрүшкөнү көрүнүп атабы? Эгерде Азим Рой Өзбекстанга качып кетсе, УКМК кармап келүүгө күчү жетсе керек го? Ошондо дагы көп маалыматтар чыгабы? Ортоктош ири бизнестери ачыкталабы?..
"Азия Ньюс" гезити