Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Брекет жасоого өтмөйүнчө ыш маселеси чечилбейт”

-- Эмил мырза, бүгүн баш калаабызды каптаган ыш боюнча маселе көтөрдүңүз. Аны чечүүнүн жолун сиз эмнеден көрөсүз?
-- Ыш маселесин чечүүнүн эки эле жолу бар: биринчиси, ТЭЦти, экинчиси, жеке үйлөрдү жылытууну жөнгө салуу керек. Себеби, ТЭЦтен, анан турак үйлөрдөн чыккан түтүн суук болгондо абага учуп кетпей, кайра ылдыйды көздөй каптап атат. Ушул экөөнү чечмейин көйгөй чечилбейт. ТЭЦке чыпкаларды коюу керек, бул болсо каражатты талап кылат. Эл негизинен Кара-Кеченин көмүрүн жагууда. Кара-Кеченин көмүрү бышкан эмес. Жакканда ыш болуп, түтөй берет.
-- Андан башка ири көмүр кендерибиз аз болгон соң, маселени кантип чечүү керек?
-- Көмүрдөн брекет жасоо зарыл. Брекет жасалганда андан түтүн чыкпайт. Европа өлкөлөрү эчак эле өтүшкөн буга. Башка жол жок. Брекет жасоочу ишкана түздөн-түз көмүр кенинин жанына курулат. Натыйжада бышпаган көмүр бышып, күйгөндө ышы жок күйөт. Албетте, көмүрдүн баасы 10-15 пайызга кымбаттайт. Азыр тоннасы 5 миң сом болсо, 6,5 миң сом болушу мүмкүн. Бирок, эл ага даяр.
-- Көмүрдү брекет жолу менен чечсе болот экен. А автоунаалардан чыккан түтүндү кантебиз?
-- Унаалардан анчалык ыш чыкпайт. Албетте, унаанын деле салымы бар, бирок ал көмүрдөй көйгөй жаратпайт. Себеби, унаалардын көбү газга өтүүдө. Электромобилдер да көбөйдү.
"Азия Ньюс" гезити