Инстаграмдан тапкан мырза жашоомду өзгөрттү

Мен ушунчалык депрессияда жүрөм. Үй-бүлөм бар, жолдошумдун мүнөзү өтө начар. Ичкенде кол көтөрөт. Ал кечиккен сайын “кандай жаңжал чыгарат?” деген кооптонуу менен отурам. Бирок жашоодон алда нени күткөндөй боло берчүмүн.
Бир күнү Инстаграмдан кокусунан бир бала менен таанышып, жакшы сүйлөшүп кеттик. Менден үч жаштай күчүү, алыс жакта иштейт экен. Көроокат, азап-кайгым унутулуп, башкача сезимде жүрдүм. Ушундай кезде күйөөм болбогон жерден мас болуп келип, дагы сабады. Мурдум канжалап, колдорум канга, көзүм жашка толуп, боздоп жаттым. Ошол күндөн кийин эки кызымды алып, кетип калдым. Акыры ажырашып тындык. Ошондон кийин мага өзүнөн өзү күч пайда болду.
Бир күнү мен Инстаграмдан таанышкан мырза Бишкекте жүргөнүн айтып чалды. Жолугуштук. Бирок ал мени жеңил ойлуу айымдай кабыл алды. Ага болгон сезимим, көргөн азаптарым маанисиздей. Жөн гана көпкө сүйлөшүп отуруп, анын адамдыгын баамдадым. Коштошуп кете бердим. Мен издеген адам эмес экен. Бирок ага ырахмат. Убагында мени ойготту. Башкача жашоо куруп кетүүмө түрткү болду. Азыр жалгыз болсом да бактылуумун. Жакшы киреше таап, иштеп жатам. Эч кимден коркуп-үркүү жок. Балдарым бактылуу. Алдыга койгон көп максаттарым бар. Мен буюрса, сөзсүз жакшы иштердин жаратуучусу болом.
Акылай
"Азия Ньюс" гезити