Рахат Жунушбаева: “Мэрия биздин сунуштарыбызды карап, туура чечим чыгарат деген ойдобуз”

Эң ириде мекенге карата аруулук, көкүрөктө оргуштаган идея болушу керек. Мына ушул табылганы бапестеп, багытын түздөп, анан чоң мейкиндикте сыноо машакаты орун алат. Көпчүлүк учурда мезгилдин шарына, апаатка чыдабай алгылыктуу баалуулуктарыбыз быт-чыт иретинде кала бергеничи? Бул жалганда жаратмандык үчүн күрөшүү, туруштук берүү кыйын. Дегенибиз, биздин каарманыбыз Рахат Жунушбаева жоктон барды жасап, Кыргызстандагы талкаланган өндүрүш тармагына үлкөн салым кошуп, лифт чыгарган завод ачып, өз демилгеси менен оор сыноону башынан кечирип келатат. Өзөктүү, ички дүйнөсү күчтүү экен. Бул жааттагы бизнести колго алуу, өркүндөтүү оңой эмес. Сөзсүз өкмөт колкабыш кылып, мамлекетибизге тирөөч боло турган ийгиликтүү инсандарыбызга жарыгы тийсе. Мына ошондо гана элибизге жемиши кайтат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн, амбициялуу Рахат айымдын арымы чектелүү эмес. Буюрса, ал заманбап ишкерлиги менен эл аралык алкакка кулачын жайып, кыргыз эли сыймыктана турган алдыңкы кыздарыбыздан болору шексиз. Кудай кубат берсин, ийгилик каалайбыз!
-- Рахат айым, сиздин лифт чыгарган заводуңуздун ачылганына жарым жылдай болуп калды. Коомчулукта “лифт чыгарган жок, бул миф, чыгарса кана?” деген кептер желдей тарады, бу боюнча эмне дейт элеңиз?
-- Ооба, көп тармактуу SKY INDUSTRIAL GROUP лифт заводу март айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда ачылып, болгон мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берсем, жакшы маанайда кабыл алган, ошол жерде “биз ишкерлерге мамлекет тарабынан колдон келишинче жардам берели, көтөрмөлөйлү, колдойлу” деген жылуу сөзүн айткан. Өзүңүздөр билгендей, ордо калаабызда көп кабаттуу турак үйлөрдө орнотулган лифттердин алды 40 жыл болду. 25 жылдык мөөнөтүнөн эбак ашкан лифттердин саны миңдин тегереги. Аларды оңдогонго мүмкүн эмес, андан көрө жаңыга алмаштырган оң. А биздин завод заманбап лифт менен камсыз кылууга жана кайсы гана убакыт болбосун толук кандуу тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Жакында эле Жалал-Абад шаарына лифт орнотулуп, ишке берилгени турат. Ал эми Бишкек шаарында лифт коюлду. Расмий ачылышын жасаганы турабыз.
-- Бишкек мэриясына лифт чыгаруу, орнотуу жана тейлөө боюнча сунуш кылдыңыздарбы?
-- Бүгүнкү күндө SKY INDUSTRIAL GROUP заводу Бишкек мэриясынын балансында болгондуктан, биргеликте иш алып баруу боюнча тийешелүү сунуштарыбызды кагаз жүзүндө бердик. Кантсе да атамекендик өндүрүш ишканасы болгондуктан, лифтке керектүү баардык тетиктер, жабдыктар өзүбүздөн болот эмеспи, муну да эске алуу кажет. Аны чет мамлекеттен кымбат баага апкелүү азаптын азабы, тозоктун тозогу болот. Чет элдик өндүрүшчүлөрдөн 30 пайызга арзан түшөт. Бул жерде каражатка үнөм болот, бажы жана логистика чыгымдары болбойт. Учурда мэрия биздин сунуштарыбызды карап жатышса керек, туура чечим чыгарат деген ойдобуз.
-- Аял кишиге жеке ишкерлик менен алпурушуу оңой эмес болсо керек?
-- Бүгүнкү күндө аял киши эмес кээ бир эркектер жеке ишкерликти алып кете албай турган чагы. Ошого карабастан көп тармактуу SKY INDUSTRIAL GROUP заводун ачып, жаңы ишке киргизип аткан чагыбыз. Ал заводдо бир гана лифттин түрлөрү эмес, брондолгон эшиктер, сейфтер ж.б. чыгып атат. Мындан сырткары, Тоң районунда SKY MODA тигүү фабрикасын куруп бүтүп калдык. Учурда фабриканы заманбап жабдыктар менен жабдып жатабыз. Ишке киришип калса 200 орундуу фабрикабыз бир айдын ичинде 40 миң текстиль кийимдерин чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Албетте, ушинтип иш менен гана алек болуп атсак, кээ бир көралбастар билип-билбей ушак таратат экен. Негизи эле кыргыздар ушундайга машпыз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити