Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолборс аке, Жараткан сизди мончо менен учадан үзбөсүн, бар болуңуз!

Жолборс аке, Жараткан сизди мончо менен учадан үзбөсүн, бар болуңуз!

13-сентябрь, 09:00
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолборс Жоробеков агабыз учурда 75 жашын жана жубайы Мариям эже менен бирге түтүн булатканына 50 жыл толгонун кызуулай белгилеп аткан чагы. Жолборс акенин жана Мариям эженин илимпоз, окумуштуу, публицист жактарына баа берген адамдар жетиштүү болуп, аны кулач-кулач кылып айтып, кубанычтары менен тең бөлүшүп атышат. 

Мен тек гана Жолборс акени куттуктагыча мончо дегенде таманынан чаң чыккыча чуркай турган жагына аз-маз токтолоюн. Ар жекшемби күнү таң атпай мончонун эшик алдынан көрөбүз. 15-20 мүнөт эрте келет. Эки куржунду артынып алган болот. Бир көзүндө жуунуп-тарана турган каражаттарды салат. Ал эми бир көзүндө сөзсүз түрдө тойлордон чогулган кешиктер. Атайын “жылаңач баатырларга” ооз тийгизгени апкелет. Кээде катары менен эки учаны салып келет. Бирөөсүн өзүнүн “бандасына”, бирөөсүн “жибек-жолдуктарга” дейт. Менимче, мончо Жолборс акенин жашоосунун орчундуу бөлүгү экенин билем. Бала болуп башына түк чыккандан бери келип жүрсө керек. Канча жылдан бери экени расмий айтылбаса да, ага деле 50 жылдай болуп калды го. Мына ушу кездерге чейин бирге барып жүргөн достору бар. Алардын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, биздин Улуу “Жибек-Жолу баатырларынын” атынан Жолборс акени кош катар тойлору менен кызуу куттуктап, Жараткан сизди мончодон үзбөсүн дейли! Биз сизди сыйлайбыз, бар болуңуз! 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер