Кайрат Иманалиев КТРКны шоу жылдыздарга бийлетип салып, уктап отура береби?
“КТРКнын журналисттеринин көбү башка динге өтүп кетиптир” деген имиштер бар. Себеби, “Манасты” бурмалаган, элди маңкуртчулукка жетелеген жайсаңчыларды колдошуп, кепке келбей кежеңдеп жүрүшкөнү белгилүү.
Кепти минтип алыстан баштап жатканыбыздын жөнү бар. Анткени КТРКнын музыка каналы салттуу музыканы бузган, улуттук кыртыштан ажыраган жаштардын мээге жукпаган музыкасын күнү-түнү – 24 саат беришет. Карамолдо, Ыбрай, Атай, Шекербектердин күүлөрүнө, Муса, Мыскал, Асек, Рысбай, Асанкалый, Түгөлбайдын ырларына орун жок да, мыңкылдап Батыштын обондорун туурап ырдаган мадырабаш жаштарды 24 саат ырдатышат, же конокко чакырып алып, бир ооз нускалуу сөзү болбосо да бири-бирин чукулап, калжың сүйлөшүп отурушат. КТРК ушинтип жаштарды түз эле маңкурт кылып жатканы ачык эле көрүнүп турбайбы.
Президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында маданият каналында “Аруузат” деген программа ачышып, ага шоумен кыздар чогулуп алып, шалакташып, баскан-турганын, кийингенин кеп кылып отурушат. КТРКга элге сөзү дарыдай керек болуп жаткан акын-жазуучулар, мугалимдер, окумуштуулар, дегеле акыл-парасаттуу интеллигенция өкүлдөрү чыкса жарашпайбы? КТРК элге кызмат кылабы же шоу жылдыздарга кызмат кылабы? Же маданият министрлигинен үргүлөп жүрүп сөгүш алып кеткен Кайрат Иманалиев КТРКны шоу жылдыздарга бийлетип коюп, уктап отура береби?
"Азия Ньюс" гезити