Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош–Исфана жолундагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти

Ош–Исфана жолундагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти

14-июнь, 12:07
853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош–Исфана жолунда 13-июндун түнүндө катталган жол кырсыгынан жабыркаган дагы үч киши ооруканада каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Ноокат районундагы Ош–Баткен–Исфана автожолунун 23-чакырымында эки унаа кагылышып, кырсык болгон жерде үч киши каза болуп, жаракат алган тогуз киши ооруканага жеткирилген. Бүгүн 14-июнда алардын үчөө көз жумганы белгилүү болду. Алар 5 жана 15 жаштагы балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркай экени аныкталды. Кырсыктан жаракат алган алты жаш бала Ош облустук жана Ноокат райондук ооруканаларына жеткирилди.

Окуя болгон жерде ӨКМдин төрт куткаруучусу, бир “тез жардам” бригадасы жана милиция иш алып барууда.

12-июнда Бишкек–Ош жолунун 495-чакырымындагы жол кырсыгынан алты адам көз жумган. Ушул эле күнү Бишкек–Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан үч киши мүрт кетип, алардын экөө жаш балдар болгон.

Кыргызстанда 12-июндан бери автокырсыктан 15 киши көз жумуп, ондон ашууну жарадар болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер