Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчыбек Ташиев “Ата Журт” партиясы менен өз алдынча кетери болжонууда
Камчыбек Ташиев “Ата Журт” партиясы менен өз алдынча кетери болжонууда
19-февраль, 00:45

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев акыры өз алдынча кетиши ыктымал. Көшөгө артындагы көрүнбөгөн тирештер улам барган сайын ачыкталууда. Бийликтен кысым көргөн Акин Токталиев менен Максат ажы Токтомушевди Германияда дарыланып жаткан Ташиев колдой турганын айтып, Акүйдүн саясатына каршы билдирүү таратканына күбө болдук. Бул соңку “кылт” эткен гана көрүнүш. Башынан эле карама-каршылыктуу жагдайларды байкап келатабыз. Акыркы кездери Ташиевге жакын адамдар, үгүтчүлөрү өз алдынча “Ата Журт” партиясы менен шайлоого аттаныша турганын айта башташты. Кеп чынынан бузулбайт. Бийлик үчүн тарыхта ата-бала бири-бирин өлтүргөн мисалдар арбын. Мындайда достор кеп бекен? Сабыр кылып турсаңар, Камчыкенин өз алдынча кеткенине да күбө болосуңар.
"Азия Ньюс" гезити