Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Конституциялык кеңешмеге “чимкириктер”, “акшакалдар” толуп алышты”

Бектур Асанов: “Конституциялык кеңешмеге “чимкириктер”, “акшакалдар” толуп алышты”

04-декабрь, 15:43
1 920 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур иним, соттук ишиң эмне болуп атат?

-- Өзүңүз билесиз, бүгүнкү бийлик менин президенттик кызматка талапкерлигимди киргизбөөгө аракет кылып атат. Сотту 10-декабрга жылдырып койду. Документтерди тапшыруу иш-чарасы 6-декабрда бүтөт. Акыркы каттоо 14-декабрь. 15-декабрда үгүт иштери башталат. 14-декабрь күнү биздин соттуулугубузду жойгон күндө дагы,  мүмкүнчүлүгүбүздү аз калтырып атат. Биз муну менен токтоп калбайбыз, аягына чейин барабыз. Эгерде катталбай кала турган болсом, анда менин идеяларыма жакын адамды колдойм. Мен тараптан эч бир кылтыңдоо деген жок. Бийликтин каттабоо аракетинен улам эки күн ачкачылык жарыяладым. Болгон аракетимди жасап жатам. 

-- Өзүң айтып кеткендей, эгер талапкерлигиң катталбай кала турган болсо, кайсы бир талапкерди колдосоң керек?

-- Дагы бир аз күн бар. Канча талапкер каттоодон өтөт, канчасы артка кайтат белгисиз. Ошенткен күндө да менин пикириме жакын, көз карашыбыз окшош 5-6 талапкер бар. Болбоду дегенде 2-3 талапкер кантип өтпөсүн? Мына ошол адамдар менен акыр аягына чейин иштешем. Күрөш уланат. Өзүбүздүн максат үчүн токтобойм. 

-- Конституциялык кеңештин жыйындары сизди ынандырып, купулуңузга толуп  атабы?

-- Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаттары “чимкирик” парламент болуп, биздин мамлекетибизди учурдагы туңгуюкка кептеген күнөөкөр катары эсептелип келет, муну баарыбыз билебиз. “Чимкириктик” деңгээлден чыга алышпады. Албетте, алардын арасында он чакты бычакка сап боло турган депутаттарыбыз бар. Көпчүлүктүн арасында көрүнбөй кетип атат. Ал эми конституциялык кеңешмеге сөз жок, “чимкирик” дегенден артык болуп кетти. Капа болбой эле коюшсун. “Дүжүр чалдар” же аксакал эмес “акшакалдар” армиясы болуп калышты. Кошоматка кой   союп, жеке өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, бала-чакаларынын кичине кызматы үчүн бүтүндөй абийирин, намысын, сакалын саткан Кудай ургандар отурат! Мындай катуу сөз айтпасак да болбойт. Аман эле болушсун, кантип окумуштуу даражаларын көтөрүп жүрүшөт билбейм. Мээлери тайкы, ойлору кылтыңдаган сборище чогулган. Аларды кантип тапкандарына мээм жетпей аңтаңмын. Эгер “жок Бектур, сен жаңылып атасың, мен андай эмесмин” дей турган бирөө-жарым чыкса, анда мен ал адам менен маңдай-тескей дебатка чыгууга даярмын.   


Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер