Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ренат Самудинов: “Адамдар коркпой-үркпөй жаңы кесиптин ээси болсо, ийгилик коштойт”

Ренат Самудинов: “Адамдар коркпой-үркпөй жаңы кесиптин ээси болсо, ийгилик коштойт”

16-октябрь, 22:30
349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жол издеген, чарчаган адамдар көбөйдү. Жашоосун өзгөртүүнү каалагандарга, жашоодон тажагандарга Чикаго шаарынан кандай кеңеш берер элең?

-- Жашоону өзгөртүү үчүн “жагымдуу зонадан” чыгыш керек. Адам көнүп калган ишин эле улантып, жаңы максаттарды багындыргандан коркот. Ал зонадан чыгып кетсе эле талаада калчудай сезилет. Ошондой акыбал адамга тузак салып койгондой болуп, кармап тура берет. Тушалган мал алыска баралбай, такыр чөптү оттогондой эле, адамдар да жокчулукта жүрө беришет. Чөптүү жерге чыгып, малды семиз кармаш үчүн изденип, жакшы жайыт тапкандай эле адамдар да алысты карап эмгектенишсе. Адам үчүн жакшы жайыт – жаңы кесип, жаңы багыттар. Коркпой-үркпөй жаңы кесиптин ээси болсо, ийгилик коштойт. Ал кесипке эл муктаж болушу керек. Мыкты кесиптин ээси болсо, ар дайым кадыр-баркка ээ болуп, жашоосу өзгөрөт. Бир кесиптин ээси болсо да, билимин, жөндөмүн жаңылап, алдыга умтулуш керек. Адам ар дайым жаңы ийгиликтерди багындырып жашаса, жашоосу кызык, бай болот. Ар бир кесипти өздөштүрсө болот. Башка адамдар кылган нерсени сен да кыла аласың. Бул үчүн бир гана убакыт жана аракет талап кылынат. Бирөөгө ишенип, бирөөдөн үмүт этпеш керек. Ийгилик бирөө аркылуу келбейт. Ийгилик сенден гана көз карандыСенин аракетиң гана ийгилик алып келет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер