Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыктыбек Арстанбек Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн партия түздү

Мыктыбек Арстанбек Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн партия түздү

12-январь, 19:05
1 860 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке талапкерлигин койгон Мыктыбек Арстанбек Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн партия түздү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышып жатып, өзү үчүн бир нече маанилүү тыянак чыгарган.

"Биз өзүбүз үчүн көптөгөн ачылыштарды жасадык. Эмне үчүн шайлоочулардын аз катышуусу болду? Эски себептерди атап, аларды көпкө чейин тизмелеп көрсөңүз болот. Коом эми ишенбейт, эл бийликтен тажады. Бирок биз дагы бир нерсени көрдүк. Эгерде шайлоого бир миллиондой адам келсе, демек, калган үч миллион жарандык активдүүлүк жетишсиз деңгээлде өнүккөн. Бул үчүн эмне кылсак болот? Албетте, коомдун саясый аң-сезимин өнүктүрүү үчүн биз маалымат таратабыз. Экинчиден, шайлоого толук маалыматы бар мусулмандар келишти. Бирок эмне үчүн калгандары, анын ичинде сабаттуу илимпоздор бизге добуш беришкен жок? Демек, биз Исламдын толук күчүн ачып бере алган жокпуз. Тийиштүү иштерди мыйзамдуу, расмий деңгээлде кантип жүргүзүүнү билбейбиз. Биз муну чогуу үйрөнүшүбүз керек. Бул биздин коом алдындагы милдетибиз", - деди ал.

“Супер”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер