Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейтааныш адамга сезимим күчөдү, жылуу сөздөрү жүрөк жибитет

Бейтааныш адамга сезимим күчөдү, жылуу сөздөрү жүрөк жибитет

21-май, 22:05
5 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөсүнөн көптөн бери жылуу сөз укпай жүргөн келиндер жакшы түшүнөт болуш керек. Сөздүн кыскасы, балам окуган классыбыздын группасы бар. Ошондон бир окуучу баланын атасы личкадан тапшырма сурап жүрүп, жакшы тааныш болуп кеттик. Акыркы күндөрү тапшырма сураганда “жолугушпасак деле телефон аркылуу мамиледе бололучу?” деп жылуу сөзүн арнап, арбап алды. “Аялыңыз барбы?” десем, “барды жок дей албайм” деп кыска эле жооп берип коёт. А менин да жолдошум бар. Акыры блокировкага салып койдум. Бир күнү тапшырма сураш керек болуп, блокировкадан ачып жазсам, мага аябай капа, “эмнеге блоктодуң? Жүрөгүң темирдей экен, бүгүн кечке күттүм качан ачарыңды...” дейт. Ошентип атып ортобузда сезим пайда болгонун байкабай калдык. Жүзмө-жүз деле кенен отуруп сүйлөшө элекпиз. Акыры мен “токтотолу” дедим. “Жолдошум байкап калса, аягы жакшы менен бүтпөйт” деп блоктоп салдым. Бирок жүрөгүмдөн башкача жай алып койдубу, же жылуу сөздөрүн уккум келип жатабы, сагыныч пайда болуп, номерин карап коюп күндөр өтүп жатат...


Элина 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер