Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Куленбеков: “Жылдан-жылга атмосферадагы абанын температурасы жогорулай берет”

Жээнбек Куленбеков: “Жылдан-жылга атмосферадагы абанын температурасы жогорулай берет”

30-июль, 15:24
1 815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күн аралата кайталанган сел ташкыны, абанын температурасынын жогорулаганы климаттын өзгөрүүсүнөн кабар берүүдө. Илимий изилдөөдө мунун себептери ачыкталганбы? 

-- Дүйнөдө алаамат кырсыктар, жаратылыштагы болуп жаткан өзгөрүүлөр климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, ошондой эле антропогендик таасир дагы бирден-бир себепкер десек болот. 

Климаттын өзгөрүүсү, анын таасири бүгүнкү күндөрү атмосферадагы температуранын жогорулашына алып келүүдө. Акыркы 60 жылда өзгөчө мөңгүлөрдүн эрүүсү күчөгөнүн жана аянттары кичирейгени боюнча айырмасын көрүүгө болот. Башкача айтканда, тоодо 3500 метр бийиктиктеги мөңгүлөр дээрлик эрип жок болуп кетти. Ал эми 4000 метр бийиктиктеги мөңгүлөр азырынча анчалык тез эрип жаткан жок, бул тоонун бийиктигине байланыштуу. Негизги суу тартыштыгы боюнча маселеси, дарыялардагы суунун азайышы дагы ушул себептерден десек болот. Бирок кышында кардын жаашы, анын калыңдыгы, жазында жаандын жаашы – мына ушул көрсөткүчтөрдүн дагы өзгөчө орду бар, б.а. дамбалардагы, ГЭСтердеги суунун толушуна түздөн-түз байланыштуу.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөдөгү көпчүлүк окумуштуулардын негиздеп айтуусуна караганда, ар бир 150-200 жыл аралыгында кичи муз доору жана ысык доору кайталанып турат. Азыркы учурда доор ысыкка туш келүүдө, эми кийинки кичи муз доору 2070-2100-жылдары кайра келерин белгилеп келишет. Ал убакытка чейин жылдан-жылга атмосферадагы абанын температурасы жогорулай берет. Бул болсо жер жүзүндө кургакчылык маселесин жаратат. 

-- Суу ташкынынын көбөйгөнүчү?

-- Ал эми жаан нормадан көп жааганынын себеби, океандагы жана жер бетиндеги суулардын буулануу процесстерине байланыштуу, циклон жана антициклон деген атмосфералык кубулуштардын чоң ролу бар. Алар дүйнөдөгү жердин жана деңиздердин бир жерине бороон-чапкын, сел, цунами алып келсе, экинчи жерине кургакчылык алып келүүдө. Мисалга алсак, бүгүнкү күндө Кытайда, Европада, АКШда, Россияда, Кыргызстанда дарыялар ташкындап, сел жүрүп, жергиликтүү элдин жашоосуна чоң алаамат алып келип, көптөгөн чоң көйгөйлөрдү жаратууда, ошондой эле адам өлүмүнө себепкер боолууда. Мындай климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берүү үчүн адам баласы ылайыкташып жашашы керек, мамлекет элге жардам берүүсү өтө зарыл.

-- Адамдардын табигатка болгон мамилеси да чоң көйгөйлөрдү жаратып жаткандай... 

-- Климаттын өзгөрүүсүнөн тышкары, адамдын айлана-чөйрөгө болгон таасири чоң көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, токойлорду кыркуу. Токой жок болсо же азайса, анда жер көчкүлөр көбөйөт. Себеби жердин кыртышын токойдогу бактын тамырлары бекем кармат турат. Бак көлөкөсү менен нымдуулукту сактайт, көмүртекти кычкылтекке айландырат, б.а. токойлор жердин өпкөсү десек да болот.

Суу русурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу абзел, себеби сууну ысырап колдонуу чоң экологиялык кыйроого алып келет, мисалы, Арал деңизин көлмөгө айлантып койду.  

Ошондой эле адамдын иш аракеттеринен көлдөрдү ж.б. суу объектилерин булгоо жүрүп жатат. Мисалы, Ысык-Көл булганууда, себеби көлдүн тегерегиндеги пансионаттарда калдык, таштанды сууларды кайра тазалоочу системалар дээрлик аз санда. Көлдүн булганышы убакыттын өтүүсү менен көлдөгү балыктардын жоголуусуна алып келет. Адам баласы чоң өндүрүштөрдү ачып, иштетип келет.  Бирок ал өндүрүштөрдөн чыккан түтүндөр абаны булгап, глобалдык ысыкты күчөтүүгө салым кошууда. Жердин бетин күндөн келген ультрафиолет нурларынан коргоо үчүн озоносфера бар, эгер озон катмары кичирейсе, анда Антарктидадагы ж.б. жердеги муздар тез арада эрип кетүүгө дуушар болот. Бул көйгөйгө себепкер хлорофлурокөмүртек газдары озон катмарын бузуп келүүдө. Мисалы, үйдөгү муздаткычтар, кондиционерлер, дезодоранттар ж.б. ушул сыяктуу заттар болуп саналат.

Антарктидадагы, Түндүк муз океанындагы, Гренландиядагы муздардын эриши деңиздердин деңгээлин көтөрүп, суу ташкындоолоруна алып келет жана океандагы жылуу агымдардын багытын, температурасын өзгөртөт, ал климаттын өзгөрүшүнө кошумча чоң салым кошот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер