Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мэр Жеңишбек Токторбаев ашата сөгүнө берип, өзүнө кайра ошол сөздөр кайта баштаптыр

Мэр Жеңишбек Токторбаев ашата сөгүнө берип, өзүнө кайра ошол сөздөр кайта баштаптыр

03-ноябрь, 19:16
5 248 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” демекчи, кеп оролу келип турганда баа берип, адекваттуу сын-пикирибизди келтирели. Мүмкүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев реформа жасап, аракет кылып аткандыр. Ак-карасына мезгил баа берет. Бирок анын азыркы жүрүм-туруму, оозунан чыккан сөздөрүн кантебиз? Коомго үлгү жаратышы керек да. 

Мэр Жеңишбек Токторбаев кол алдындагы кызматкерлерине өтө одоно, уят сөздөрдү колдонору, кемсинтип сөгүп-сакканы өкүнүчтүү. Видеого тартпаган кезде ашата тилдеп, “бок-жинин” аралаштырып, вотсаптан эки сөзүнүн бири эле “к...к” деп айкырып атканычы? Жетекчи, аткаруучуларды ушунча да кемсинтеби? Анын ыплас сөздөрү бизге чейин жетүүдө. Экинчи борбор калаанын башчысы, мэр деген маданияттуу, этиканы сактаган кадр болушу керек да. Кандай гана гениалдуу ачылыштарды жасаба, адам катары жүзүңдү сактап калууң маанилүү эмеспи. Акыры кызматкерлер Жеңишбек Токторбаевдин сөгүнгөнүнө көнүшүп, өзүнө да кайра ошондой ыплас сөздөр менен “таш ыргытышып”, лакап ат коё башташканы кызык го? Кайтаар дүйнө бар да. Канчалык адамды кордосоң, ошонун залакасы кайра тийери калетсиз. 

А баса, буга чейин эле Жеңишбек Токторбаевдин түз эфирден ашата сөгүнгөн видеосу тарап, коомчулукта талкуу жаратканы белгилүү. Кокусунан “чыгып кеткени” ошол болуп атса, анда жашырган башкасын элестете бергиле...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер