Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алымкадыр Бейшеналиевге коллективди каршы тукурган Жаркынбек Касымбековдун амалы кеткенде

Алымкадыр Бейшеналиевге коллективди каршы тукурган Жаркынбек Касымбековдун амалы кеткенде

24-август, 17:44
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Алымкадыр Бейшеналиев Жаркынбек Касымбековго түз кайрылбаса деле ал “кылмыш иши токтой элек, коллектив кабыл албайт” деген маанидеги жообун берди. Жаркынбек Касымбеков адис катары врач болуп эч качан иштебептир, “медицина тармагын, анын ички сырларын деле билбейт” деп кесиптештери кеп кылууда. Анткени Жаркынбек Касымбеков диплом алгандан бери эле саясатка аралашып, коомдук иштер менен алек болуп жүргөн, кызматты көздөп, бийлик дегенде эки көзү төрт болуп чуркаган карьеристтердин бири. Аны “Тез жардам” станциясына башчы кылып коюп койсо, жөн иштебей махинациялар менен шугулданып, үстүнөн төрт кылмыш изи козголгон. Эми түштөн кийин актанып жүрөт.

Министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганына үч ай болуп калды,  кылган ишинен дайын жок, аппараттык интригалар менен алек болуп, министрликтин жамаатын жигердүү реформаларды баштаган, хирург Алымкадыр Бейшеналиевге каршы тукуруп жатканы жазганынан ачык эле байкалып турат.   Мындай интриган жетекчиге өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын ишенип тапшырууга болбойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер