Орхан Инанды табылды. Рейхан айымдын абалы начар

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды анын азыркы абалына кабатыр болуп, ден соолугу начарлаган. Бул тууралуу Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Бүгүн эч кандай үн-сөзү жок митинг болбойт. Рейхан айым бүгүн эртең менен пландалгандай эле митингин улантмак. Тилекке каршы, ал табылды, бирок аны тапкан Кыргыз өлкөсү эмес.
Рейхан айымдын абалы начар. Анткени ал күйөөсүнүн бүгүнкү күндөгү сүрөтү менен бир ай мурунку абалынан чоң айырмачылыкты байкаган. Анын дайынсыз болгонуна бир ай гана өткөндүктөн кыйналганы көрүнүп турат. Ошол себептен Рейхан айым өзүн начар сезип, бүгүн аянтка чыга алган жок.
Айрыкча моралдык жактан ал биздин “авторитеттүү чиновниктерибиздин” сөздөрү кыйнап жаткандыр, анткени алар “баары жайында, бир аз убакыттан кийин ал үйүнө кайтып келет, кээ бир окуяларга убакыт талап кылынат, ызы-чуу кылбай күтө туруңуз” деп ишендиришкен.
Ал бул бийлик өкүлдөрүнө, окуучулардын ата-энелерине ишенген, анткени аларды мугалим катары жеке тааныган. Бирок бул акыркы күн эмес, алдыда дагы оор күндөр бар, ал жөн отургусу келбейт” деп жазган Токтакунова.