Айнуру Алтыбаева: “Кумтөр таптаза мөңгү суусун бекер колдонуп жатат”
-- Айнуру айым, Кумтөрдүн ишин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия алтын кендин өзүнө барып, андагы иштер менен таанышып келдиңиздер. Негизинен жеке сиздин көңүлүңүздү бурган кандай маселелер бар экен?
-- Биз негизинен экологиялык жана экономикалык маселелерди чечүүгө басым жасадык. Кендеги мөңгүлөрдүн абалын, калдык сактоочу жайлардагы өзгөрүүлөргө көңүл бурдук. Мен таза сууну колдонуу маселесин көтөрдүм. Анткени Кумтөрдө иштетилип жаткан таптаза мөңгү суусуна төлөмдөр алынбайт экен.
-- Комиссия түзүлүп эле келет, бирок анын жыйынтыктары көрүнбөйт го?
-- Комиссиянын ичинде экологиялык, экономикалык, юридикалык топтор бар. Биз эми өкмөт менен чогуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Дагы көп иштер бар, алардын бардыгы талкууга алынып, анан бир чечим чыгарылат. Биз салык төлөө, экологиялык чыгымдар, суу маселелери боюнча талаптарды коёбуз. Азыр мамлекеттин пайдасына чечүүгө саясый эрк дагы жетиштүү.
-- Компаниянын профсоюздар кеңеши депутаттык комиссиянын текшерүүсүнө каршы болуп, өкмөткө да кат жазып жатышпады беле? Ал эмнеге байланыштуу экени айтылдыбы?
-- Компанияда 2-3 профсоюз бар окшойт. Ошонун бири кат менен кайрылган экен. Бирок, биздин максат Кумтөрдүн ишин токтотуп салуу эмес экенин андагы жумушчулар менен жолугушууда түшүндүрдүк. Ал жерде иштегендердин 96%ы өзүбүздүн жарандар экен. Алар деле комиссиянын текшерүүсүн туура кабыл алышты.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити