Тамак-аш былтыркыга салыштырмалуу 14% кымбаттады

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда тамак-аш, алкоголсуз суусундуктардын баасы 14,8% кымбаттаган. Башка товарлар 11.4%, элге кызмат көрсөтүү 8,4%, алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы 21,7% өстү.
Кымбаттоолор өлкөнүн бардык аймактарында байкалган. Нарын облусунда алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 43% кымбаттаган.
Октябрда Улуттук статистика комитети тогуз айдын жыйынтыгы менен азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөнүн жарыялаган эле. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлгөн. Өзгөчө импорттук тамак-аштардын баасы кымбаттаганы белгиленди. Буга бир жагынан товардын баасынын түз кымбаттагыны себеп болсо, экинчи жагынан валюта курсу түрткү берген.
Быйыл март айында социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлгөн эле. Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу.