Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмира Эсеналиева: “Телевидение – бул тагдырдын мага даярдап койгон белеги”

Элмира Эсеналиева: “Телевидение – бул тагдырдын мага даярдап койгон белеги”

06-сентябрь, 15:08
1 430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элмира, беш жылдан ашык Ысык-Көл телевидениесинде иштеп келесиң, элет жергесинде кандай кыйынчылыктар болот экен? Сенин журналистика айдыңына келишиңе ким себепкер болду?

-- Сурооңуздун экинчи бөлүгүнөн баштайын, агай. Журналистика айдыңына келишиме атам себепкер болду. Өзү ыр жазып, гезиттерге макала жазып жүргөн адам. Мектепти бүткөндө атам менен кеңешкенде “журналистикага тапшыр” деди. Бир чети атамдын кыялы орундалып, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун журналистика факультеттин бүтүргөм. Окуу жайды аяктарым менен Ысык-Көл облустук медиа борборуна 2009-жылы кирип, эки жылча иштеп кеткем. Ал ортодо гезиттерде да ишимди уланттым. Кайра 2016-жылы кирип, ушул кезге чейин кабарчы катары иштеп келем. 

 “Ар бир кесип ардактуу” дегендей, журналисттик кесип ары түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, аны менен катар эле кызыктуу кесип. Телевидениеде өз ишин сүйбөгөн адам иштеп кете албайт. Албетте, “Медалдын эки тарабы бар” дегендей, иште да жакшылык менен жамандык коштоп жүрөт. Башымдан далай тоскоолдуктарды, бут тосууларды, ысык-суукту өткөрдүм. Ийилип, кайра түздөлгөн күндөр болду. Бирок, анын баарын капарыма алган жокмун. Адамдын ички дүйнөсү күчтүү болсо, ал баардык нерсени жеңет. Телевидение – бул тагдырдын мага даярдап койгон белеги. 

-- Кыз кишинин журналистикада жүргөнү жүргөн дечи, турмушка чыгып, эне болуу, бала багуу деген бар... Бул жагын канчалык өздөштүрдүң? 

-- “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей, бир турмушту көргөн соң, кайра турмуш курууда ал жагына астейдил мамиледе карап калат экенсиң. Колумду сурагандар бар, бирок көңүлгө туура келип, жүрөк сезимиме чок салган мырза азырынча чыга элек. Эң негизгиси, жандүйнөңдүн тазалыгын, өзүңдүн жүрүм-турумуңду түз алып жүрсөң, Жараткан жалгап, эртеби-кечпи сага ылайыктуу, татыктуу адамды жөнөтөт (!) деген ишенимдемин, үмүттөмүн.

-- Ысык-Көл телевидениесинде жетекчилик алмашканынан кабарыбыз бар, чыгармачыл жамаат кандай кабыл алды?

-- Учурдагы жаңы башчыбыздан үмүтүбүз чоң. Себеби, иштеп баштаганына аз болсо дагы, жакшы жакка өзгөрүүлөр кескин байкалууда. Мисалы, коллективде тартип, ынтымак орноп калган сыяктуу. Эң негизгиси, иштеп, аракет кылып жаткан кызматкерге болгон колдоосун байкадым. Менин оюмча, жетекчинин эң бир маанилүү сапаты ушул болсо керек. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер