Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айланаңды жаркытып жиберчүсүң, чындап аруу жан элең...

Айланаңды жаркытып жиберчүсүң, чындап аруу жан элең...

22-июнь, 12:00
1 635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Акын Гүлбарчын Боскоеваны эскерүү)

Гүлбарчын... Биздин арабызга келген күндөн акыркы кездешүүгө чейин жылмайган жарык жүзүңө, адамдык бийик сапаттарыңа гана күбө болдук. Пендечилик кылып майдаланганың эч эсимде жок, кимдир бирөөнө таарынып, бирөөнү нааразы кылып, же бирөө жөнүндө жаман пикир айтканыңды укпаптырбыз. Чындап аруу жан элең. Айланаңды жаркытып жиберчүсүң, өзүң билчү белең? Жаныңда турган адам канына сиңген жаман адаттарын да унутуп кала тургандай таасириң бар эле. Ар бир кыймылың, баскан-турганың, күлгөнүң, көзүңдү бакырайтып карап калганың, баары-баары өзүңө куп жарашып турчу. 

Эсимде, 2013-жылдын 26-сентябры болчу. Китебим колго тийери менен учуп-күйүп Жазуучулар союзуна жөнөдүм (анда Жазуучулар үйүндө чогулчу элек). Ошол күнү сен жаңы келиптирсиң. "Жакшы күнү келген экем, менин дагы ушинтип китебим чыксын деп тилек кылып жатам" дегенсиң. Ошол күндөн тарта жакыныма айландың. Алгач сахнага Сыймык Бейшекеев агабыздын концертинде ыр окуп чыккансың. Далай кечелерде чогуу ыр окудук, көп жерлерге чогуу бардык, жакшы күндөрдө жакын жүрдүк. Ар бир ишти өтө жоопкерчиликте, чын дилиңден кылар элең. Тоюмда курбу болуп жандап жүрдүң. Кийин сенин тоюңа биз күбө болдук. 

Акыркы кездешүүдө да бизди жооткотуп узаткансың... А биз илгери үмүт, жакшы тилек менен күткөнбүз...

Жакыныңды өткөн чакта эскерүү кандай оор? Бирок, баарыбыз өлүм даамын татчу пенде экенибизди эстегенде, артынан сен өңдүү жакшы иштерди калтырып кетүү да баарынын шыбагасына буюра бербеген бакыт экенин ойлоо азга сооротот. 

Сени жоготкондон кийин баш-аягыбызды жыйып-жыя электе ырларыңды топтоп, китебиңди чыгаруу баарыбыздын оюбузда турду. Кол жазмаларыңды жыйнап, иреттеп, терип, акын эже-агаларга каратып, мамлекеттик мекемелердин китеп чыгара турчу долбоорлоруна сунуштап, демөөрчү издеп, ал арада баарын дүрбөткөн пандемия эсибизди эки кылып атып, айтор, башталган иш натыйжасын берип, китебиң жарык көрөр убакыт-сааты эми келип тургандай. Бир арман – китеп чыгаруу тилегиң өзүңсүз ишке ашканы турат, аттиң... 

Эми экинчи өмүрүңдү улаар уул-кызыңа узак өмүр тилеп, ырларың окурмандардын жандүйнөсүнө азык болуп, жүрөгүнөн түнөк табарына ишенебиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер