Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Депутат Салайдин Айдаровдун агасы Нургазы Айдаров да мандат алды
Депутат Салайдин Айдаровдун агасы Нургазы Айдаров да мандат алды
26-май, 17:47

БШК Нургазы Айдаровго ЖКнын депутаттык мандатын берди. Ага депутаттын күбөлүгү жана төш белгисин Нуржан Шайлдабекова тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, чечим “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин кызматтан кетиши жөнүндө жеке арызынын негизинде кабыл алынды. Буга чейин 21-майда пленардык жыйында Исхак Масалиев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетерин жарыялаган.
Нургазы Абдыраевич Айдаров 1966-жылы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Бешинчи чакырылыштагы «Ата Журт» партиясынын депутаты. Анын иниси Салайдин Айдаров «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү.