Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдырахман Маматалиев: “Мен эч кимди укпайм, мыйзамдын чегинде гана иштейм”

Абдырахман Маматалиев: “Мен эч кимди укпайм, мыйзамдын чегинде гана иштейм”

14-май, 11:11
914 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик кадр кызматынын директору менен маек.

-- Абдырахман мырза, кадрларды тандоо эмненин негизинде, кандай тартипте жүрүп атат?

-- Учурда кадрлардын баардыгы конкурстук негизде тандалууда. Президенттин указына ылайык, жалаң кесипкөй жана адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде ишке алуу жүргүзүлөт. 

Өзүңүздөр билгендей, өткөндө акимдерди аттестация кылганда, билимине, тажрыйбасына, кесипкөйлүгүнө, ишиндеги таза жүрүм-турумуна чейин каралып, баа берилди. 40 акимдик кызматка жана орун басарларына 1200 адам катышып, конкурстан өтүштү.

-- Ал эми айыл өкмөттөрүн, шаар мэрлерин дайындоо деле ушул тартипте ишке ашабы?

-- Жакында муниципалдык резерв түзүлөт. Анда айыл башчылыгына, мэрликке талапкерлердин баардыгы конкурстун негизинде тандалып, резервге турушат. Кийин ошолордун арасынан айыл өкмөттөрү, мэрлер шайлана баштайт. Мындай кадамдар саясый күчтөрдүн басымы же болбосо кандайдыр бир соодалашуунун негизинде шайлоо (!) дегенди жокко чыгарат.  

-- Резервде турган кадрлар көппү же алардын жетишсиздиги байкалып жатабы?

-- Былтыркы жылдын декабрь айында улуттук кадрлар резервинде 43 гана адам каттоодо турган. Азыр анда 200 адам бар. Регионалдык резервде 500 талапкер болсо, карьералык резервде 800, жергиликтүү резервде 2000ден ашуун адам турат. Азыркы учурда келип аткандар да бар. Аларды да кабыл алып атабыз.

-- Өкмөттүн системасы оптималдаштырылганы менен ошол эле система, баягы эле кадрлар кайрадан келди деген кептер көп айтылууда. Бул жагында өзгөрүүлөр болбойбу? Же өзгөрүү үчүн дагы убакыт талап кылынабы?

-- Негизи бир топ агенттиктер, кызматтар министрликтердин курамына кирди. Анткен менен мыйзамдын негизинде андагы кызматкерлерди дагы ишке орноштуруу керек. Алардын арасында тажрыйбалуу, мыкты кадрлар бар. Ошондуктан тийешелүү тармактык кадрлар резервин түзүп атабыз. Эми алар дагы конкурстук негизде тандалып, электен өткөнү гана министрликке, алардын орун басарларына, райондордогу жетекчилерге талапкер болуп резервге кирет. 

-- Кадр саясатына кийлигишүүлөр көп болуп, тез-тезден алмашып турган жагдайларды кантебиз? Азыр деле кийлигишүүлөр болуп атабы?

-- Негизи мурда чоңдор алмашкан сайын кадрлар да которула беришчүАзыркы указда кадрларга аяр мамиле жасоо деген пункт бар. Анын негизинде мыкты кадрларды кубалап чыгууга тыюу салынат. 

Бизде аттестация өтүп жатканда көптөгөн чоңдор, саясый лидерлерден тигил же бул кадрды өткөрүп кой деген кайрылуулар болду. Азыр дагы резервге киргизип кой дегендер болуп атат. Бирок, биз бирөөнү дагы укпай, тек гана мыйзамдын чегинде иштеп атабыз. Ошондуктан бизге карата терс пикирлер көп айтылууда. 

-- Кызматкерлер резервге бир гана тестирлөөнүн негизинде тандалабы? 

-- Жок. Биринчи өз кызматына ылайык мыйзамдар боюнча тестирлөө жүрөт. Ал мыйзамдар талапкерлерге алдын ала жиберилет. Ошол тесттин жарымына жооп бергендер кийин билим жана жетекчилик сапаттарына баа берүүчү тесттен өтүшөт. Андан өткөндөр аңгемелешүүгө катышат. Аңгемелешүүнү эң жогорку деңгээлдеги эксперттер өткөрүшөт. 

-- Ар кандай жагымсыз иштерге аралашып калган кызматкерлерге кандай чаралар каралган?

-- Мурда-кийин коррупцияга аралашкан, соттолгондор боюнча өзүнчө маалымат базасы түзүлүп атат. Андай адамдарды кайрадан кызматка дайындоого тыюу салынат. Ошондой эле буга чейин таза иштеген, бирок ар кандай себептер менен чоңдорго жакпай калган жүздөгөн мыкты мамлекеттик кызматкерлер бар экен. Ошолорду кайрадан ишке чакырып атабыз. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз да келишүүдө. Алардын арасында акимчиликке, муниципалдык кызматка, министрликтин орун басарлыгына резервге тургандар бар.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер