Аскар Сагынбаев: “Төөлөр азайганынан улам жайлоолорду алтыгана каптап баратат”
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаментинин башкы адиси менен маек.
-- Аскар мырза, кечээ эле министрлер кабинетинде алтыгана-караганага каршы күрөшүү боюнча жыйын өтүп, Суусамыр жайлоосунда бул зыяндуу өсүмдүктүн көлөмү 800 гектарга жетип кеткени айтылды. Ага каршы күрөшүү боюнча бир катар министрликтерге тапшырмалар берилди. Биз билгенден, мындан бир топ жыл мурда сиздердин департамент бул багытта иштерди баштады эле. Аягы эмне болду?
-- Бул маселе көтөрүлгөн кезде мен айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратында иштейт элем. Эки мекемеге: биздин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаментине жана механизация департаментине тапшырма болуп, тажрыйба жүргүзүү, сыноо иретинде 100 гектардай жерге химиялык, механикалык иштер жүргүзүлгөн. Мендеги маалымат боюнча, химиялык иштердин таасири жакшы эле болгон. Бирок, Суусамыр жайыт жер болгондуктан, экологияга, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө терс таасир этиши мүмкүн экенин ойлоп, химиялык иштерге чек коюлган. Ал эми агротехникалык иштер болсо өтө көп чыгымды талап кылат экен. Ошондон улам, бул иштер жакшы жүрбөй калган. Эми министрлер кабинетиндеги кечээги жыйындан соң кайра тапшырма берилчү болсо, менимче, биздин департамент ишти кайра улантканга даяр. Тийешелүү техника, химикаттардын баары бар.
-- Адис катары айтсаңыз, мурда алтыгана деген көйгөй жок болсо керек эле, эмне үчүн акыркы жылдары анын аянты кескин көбөйүп кетти?
-- Туура, союз мезгилинде мындай көйгөй жок эле, ал кийин гана пайда болду. Менин жеке пикирим боюнча, мурда союз учурунда жайлоолордо төөлөр көп болгон. Алар алтыгананы жеп, жок кылып турган. Бирок, акыркы жылдары негизинен мал-жандык: бодо мал, кой-эчкилер багылып калбадыбы. Алар болсо тикенинен коркуп, алтыганага жолой албайт. Анын натыйжасында алтыгана ээн-эркин өсүп, көбөйүп баратат да. Кайталап айтам, бул менин жеке көз карашым. Андыктан, муну адистер кылдат изилдеп чыгуулары керек.