Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Буркановду кол астындагы жетекчилери каакым ордуна көрүшпөйбү?


Негизи жасалма түрдө чоңойгон, тааныш-билиштин аркасы менен дымак күткөн жетекчинин улам бир айыбы ачылып, мүдүрүлө берери шексиз. Кантсе дагы жалпы курам, коллектив карап турат да, баа беришет. Чабал деңгээлдин айынан ишенимди актабоо, сөгүш алуу – мунун баары бекер жерден эмес да.
Дегенибиз, Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов аталган кызматка келгенде эле өздүк курамдан тараган маалыматтарга жараша сын-пикир жазып, коомчулукка бир нече ирет коңгуроо какканбыз. “Көзгө сайып бергенбиз” дегендей. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бирок “каарманыбыз” өспөптүр, оңолбоптур. Жакында эле Нурланбек Бурканов орун басары Урмат Сматовго сөгүш берсе, анысы так түйүлө секирип, адилетсиздик болгонун жар салып, начальнигине каршы рапорт жазганы кабарланды. Орун басары да деңгээлин билип калган го?
Ал эми Өзгөн РИИБ начальниги Асан Токтомамбетов чайканаларда тамылжый кызарып, “кычкыл суудан” согуп коюп, көңүлдүү күн өткөрүп жүргөнү кандай? Кара-Суу РИИБ башчысы Данияр Рыскулов да ушундай эле образда күн кечирип, көнгөн “ичимдиктен” баш тарта албай келеби? Ооба, биз атайын суроо салып атабыз. Өздүк курамдагылардан уккандарыбызды жаза кетирбей, ачыкка чыгаруу керек. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дейт. Анан калса, ИИМ тазалануу процессин дайыма жүргүзүп келатса, коңулда жатып алып быкшыгандары жарабас, туурабы?
Кыскасы, Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Буркановду кол асындагы жетекчилери тоготушпай, тескери жайылып жүрүшсө, чыныгы абал кантет? Облустук деңгээлдеги кызматты тарта албаса, ГОМ, ПОМ сыяктуу алына жараша эле жумушка барбайбы? Бүтүндөй өздүк курамды кыйнабай. Ансыз да сөзгө сөлтүк, кепке кемтик экени жалганбы? Эрксизден баш чайкайсың да...
"Азия Ньюс" гезити











