Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Олигарх Исхак Пирматов Кыргызстанга келсе камалабы?

Олигарх Исхак Пирматов Кыргызстанга келсе камалабы?

20-февраль, 09:00
474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакиев доорунан баштап байыган Исхак Пирматов бир топ убакыттан тарта Америкада бизнес жасап жүрөт. 2010-жылдан бери улам келген бийликти колго алып, депутаттык креслодон түшпөй келген. Эки достун доорунда ташы өйдө кулабай, бир жолу камалып, “кусуп” чыкканы белгилүү. Жаңы бийликти алдай албай койгону коллегалары ичинен талкуу жараткан эле. Учурда чет жерде баш калкалап, Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондору менен бизнесин өркүндөтүп, ээндеп калгандай. Эгерде мекенине кайтса, кай бир маалыматтар боюнча камалары, кайрадан “куса” турганы бүйүр кызытууда. Мурда билинбеген кыңыр иштери, былыктары чыга баштаса керек. Нефтебазаларды, гектарлаган жерлерди менчиктегени, көптөгөн кымбат баалуу мүлктөрүнүн тизмеси да табылганы ачыкталабы? Убагында Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов ж.б. төбөлдөр менен коррупциялык иштерге барды беле? Бул жагынан да иликтөөлөр тымызын жүргүзүлгөнү эмнеден кабар берет? Сыягы, оңой келген байлык жөн жаткызбаганы ушул окшойт. Артынан кыйла чуулгандар чыкчудай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер