Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Акылбек Жапаровдун акылы менен энергиясын болушунча колдонолу”

-- Сабыке, өкмөт башчы Акылбек Жапаровду кызматынан кете турганы бир канча ирет ЖМКларга жазылды. Анан ордуна талапкерлердин аттары да аталып келди. Мындай аракеттер Акүй ичиндеги атайын уюштурулган интригабы, же жөн эле көчө сөзү беле?
-- Ким, качан бийликте болбосун, ал тууралуу жаман-жакшы, “кетет-кетпейт” деген сөздөр боло берет. Андай сөздөрдү интриган саясатчылар, чиновниктер, ордуна кызыккандар, жалдангандар, жөн эле жек көргөндөр, кеги барлар чыгарышат. Албетте, өмүр бою бийликте, бир орунда отуруу оңой эмес. Эртели-кеч баары алмашат. Стабилдүүлүк бар жерде ишинин жыйынтыгы жок болсо деле ондогон жылдар бою бийликте отурган учурлар кездешет. Бирок азыр андай заман эмес. Кыйың кезең. Азыр башты айлантып коюп жүрө берүү жарабас.
Акылбек Жапаров бир жылдан ашык өкмөттү башкарып, ишинин жыйынтыгын көрсөтө алды. Мамлекеттин бюджети эки эседен артып, маяна, пенсия, пособиелер мурда болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөнү айныгыс факт. Аны Акылбек Жапаров өзү айткандай, эч ким тана албайт.
Президент Садыр Жапаров дагы өкмөт башчынын кылып аткан иштерин өзү жетектеп, толук көзөмөлдөп жаткандан кийин кандай программалар кантип аткарылып жатканынан толук кабардар болгондуктан, ортодо бекем ишеним бар деп эсептесек болот.
Негизи, баардык тармактарды камтыган көп кырдуу өзгөрүүлөр жөнгө салынып, мамлекеттик аппараттын нормалдуу иштеши көнүмүшкө айланганча, өкмөт башчыны башкага алмаштыруу кесепет гана алып келүүсү мүмкүн. Жаңы кадр өзүн жаңы шыпыргы элестетип алса, же мамлекет башчы менен ишенимдүү коммуникация түзө албай, иш аксаса кандай болот? 30дан ашык өкмөт башчыны байпактай алмаштырып эмне таптык? Экономиканы карамак тургай, креслого көчүктөрү көнгөнчө убакыт бербедик. Натыйжасы мына – талаада калдык.
Азыр андай тез-тез алмаштыруу өлүмгө тете. Тынымсыз тыпылдатып жумуртка тууп аткан тоокту казанга салып сорпо жасап салгандай эле иш болот да. Ошондуктан, Акылбек Жапаровдун акылы менен энергиясын болушунча колдонгонубуз туура болот деп ойлойм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити