Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордо экологиялык нормалар сакталабы?
Коомчулук “кытай” десе эле коркуп турган чак. Жакшы жагынан жаман жактары көп сыяктуу сезиле берет. Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордун айланасындагы кеп-сөздөрдүн аягы бүтчүдөй эмес. Жакында эле Ат-Башы жергесинен чыккан аттуу-баштууларды бетке кармаган бийликтин жыйыны болуп, ал деле маселени бир беткей чечпегени ырас.
“Эмне үчүн жергиликтүү эл Кытай кура турган логистикалык борборго каршы туруп атат?”
Семетей Талас уулу, эркин журналист:
-- Ат-Башыда курула турган логистика-индустриялык борбордун күнгөйү да, тескейи да бар. Артыкчылык жагы катары, биринчиден, эгер инвестор айткандай, ал жерге эл аралык стандартка шайкеш келген бүткүл инфраструктурасын куруп берип, сөзүнө турса, инвесторлорду чакырганга өбөлгө түзүлөт. Экинчиден, онго чукул ар кандай завод-фабрика курулуп, жергиликтүү эл кошумча жумуш орун менен камсыз болуусу шартталат. Үчүнчүдөн, жергиликтүү эл өндүргөн эт, картошка, бал ж.б. айыл чарба азыктары ошол жердеги логистикалык борбордо сакталып, тышка сатылып турат. Ал эми кемчилик жагын да эске алуубуз керек. Кытай инвестору биздин 200 гектар жердин 176 гектарын 49 жылга алып атат. Эгер ошол жерге жергиликтүү болобу, же тышкы ишкерлер “иш ачабыз” деп баштаса, ижара акысын кытайларга төлөйт. Себеби, ал жердин ээси кытайлык инвестор. Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагынын экономикага кошкон салымы чоң. Кийим тигүүчү чоң-кичине цехтер кайсы бир деңгээлде жумушчу орундары менен камсыздалууда. Эгерде ал жерге да кийим тигүү фабрикасы ачылып калса, анда атаандаштык жаралып, баалар төмөндөп, биздин тикмечилерге кедергиси тийбей койбойт.
Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Логистика-индустриялык борбор курулушу керек. Бул Кыргызстанга бүгүнкү күндө керектүү маселе. Биз коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн экономика жагынан артта калып баратабыз. Бирок, эмне үчүн кытай инвесторуна макулдук берүүбүз керек? Ушуга түшүнбөй жатам. Эмнеге бизден жергиликтүү инвесторлор чыкпай жатат? Колунда 200-300 млн. доллар эмес, андан да көп акчалары бар байлар толуп атпайбы. Алар курса болбойт беле?! Ошол эле Ат-Башыдан чыккан байлар эмнеге унчугушпайт? Унчукса да кара таандай каптаган кытайларды колдоп, кол куушуруп, алдына жүгүнүп атканы мага түшүнүксүз. Түпкүлүгүндө ал жер Кытайга берилип, алар куруп калса, анда Ат-Башынын аттуу-баштуулары мындан кийин “мен Ат-Башынын атуулумун, патриотумун” деп ооздоруна албашы керек!
Динара Кутманова, эколог:
-- “Эркин экономикалык аймак” дешип 176 гектар жерди Кытайга берип атышат. Логистика-индустриялык борбор болуп, завод-фабрика курулат экен. Бул жерде кандай коркунуч бар? Таза эмес технологиянын жардамы менен куруп баштаса, коомчулук кайрадан көтөрүлүп чыгат. Келишимге кандай кол коюлганын да эч ким билбейт. Экологиялык нормалар каралабы, анын баарын ким текшерет? Өкмөт макулдугун берип коюп, курулуш башталгандан кийин кеч болуп калган жактар бизде кадыресе көрүнүш болуп калган. Алыска кетпейли, ЖЭБди модернизациялоодо эмне деген гана ызы-чуулар чыккан жок? Ошолор кайталанбайбы, экология пакети кандай каралган, жаратылышка зыяны тийбейби? Ушунун баарына биздин мамлекет кепилдик бере алабы? Мыйзамды так аткара алышабы?.. Ушундай күмөн жараткан суроолор мени да кооптондурат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити