Акыркы кабарлар
» Саясат » ИИМди артка тарткан полковниктер: Өмүралиев, Акпаров, Айтбаев жана Акунбеков...
ИИМди артка тарткан полковниктер: Өмүралиев, Акпаров, Айтбаев жана Акунбеков...
27-март, 09:00
833 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кара-Суу районунун Фурхат айылында таксистти өлтүрүп кеткен. Ким кармалды? Эч ким. Ушул эле аймактан 14 миллион долларды тоноо үчүн машинаны автомат, тапанча менен аткылашып, эки адам оор жаракат алып, кылмышкерлер из суута беришкен. Мындан сырткары, Озгур айылында адам өлтүрүү катталган болчу. Жиги билинбейт...
Акыбал чатак! Береги үч кылмыштын тең бети ачылбай, Кара-Суу РИИБнин начальниги Тилек Өмүралиев аксап турат. Милдетин так аткара албай, профессионалдык дарамети жетпегенин карачы? Өлкөбүздөгү өзгөчө оор кылмыштарды ГУУРдун начальниги Оролбек Акпаров көзөмөлдөйт эмеспи. Бул эргул ордунан козголгуча көп нерседен кечигип калууда. Кылмышкерлердин артынан сая түшкөн таланты, дээрлик билгичтиги болбосо, өзүн көрсөтүү кыйын экен да. Очорулуп калды. Орун басары Улан Айтбаев сойкуларды “крышевать” эткенден колу бошобой жатабы? А дагы бирөө эстен чыгып баратыптыр. Ош ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги Арабидин Акунбеков баш-аягын таппай, тийешелүү жумушун аткара албай, айласы кетип калганын эшиттик. “Калбырлуу” бул кадр жөн эле басып жүрөт. Кызматты кор кылып. Ток этерине келсек, биз жогоруда сөз кылган полковниктер ИИМди артка тартып атышат. Милдеттерин аткара алышпай. Мындайлардан эртелеп арылбаса, элдин ишенимине шек жаратышат, каратып туруп уят кыла беришет."Азия Ньюс" гезити