Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил ТУРДУКУЛОВ: “Кой-Таш окуясынын көз будамайлаган иликтөөсүн жокко чыгарууну талап кылабыз”

Адил ТУРДУКУЛОВ: “Кой-Таш окуясынын көз будамайлаган иликтөөсүн жокко чыгарууну талап кылабыз”

21-декабрь, 13:44
1 003 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Адил Турдукулов эл күтүп аткан чындыктан сөз улап, бүгүнкү күндөгү олуттуу маселелерди айтып, кызыктуу маек куруп берди. Эң башкысы, бул интервью адилетсиздиктин бетин ачуудагы негизги табылга.


-- Адил мырза, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова нааразычылыгын билдирип чыкты. Аталган комиссия жыйынтыгын чыгарганда корутундуну өзгөртүп, көз будамайлоо кылышканын айтылууда. Бул эмнеден кабар берет?

-- Бул кылмышка тете иш болду. Клара Сооронкулованын сөзү боюнча, алар бир кагазга кол коюшса, ал эми Жогорку Кеңеште каралган корутундунун мазмуну башка болуп чыкты. Бул дагы бир жолу Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылганын жана чындыкка дал келбегенин далилдейт. Мындай учурда жабырлануучу тарап, мисалы, Курсан Асанов жана Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулованын көрсөтмөсүнө таянып, көз будамайлоо факты боюнча прокуратурага кайрылыш керек. Андан кийин биз баарыбыз Жогорку Кенештен жок дегенде комиссиянын корутундусу кайра каралышын жана аны жокко чыгарууну талап кылабыз. 

-- Келечекте Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаковдун жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги каралып, кылмыш иштери козголушу мүмкүнбү?

-- Убакыт сөзсүз келет, ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия түзүлүп, алардын да жоопкерчилиги каралат. Күч түзүмдөрдүн жоопкерчилиги жөнүндө бир да сөз айтылбаса, буга ким ишенет? Бул комиссия эң оболу экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун пикирин угуш керек эле. Андай болбоду. Анткени, башынан чындыкты билүүгө, дыкат териштирүүгө ойлору болгон жок буларда. Дагы баса айтып кетейин, шашылыш түрдө түзүлгөн «дүжүр комиссия» күч органдарынын каталарын калкалап, мыйзамсыз чабуул коюуну жана тынч жарандарга зомбулук көрсөтүүнү, ошондой эле экс-президент Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын үстүнөн болуп жаткан сотторду мыйзамдаштырыш үчүн гана түзүлгөн. Бул саясый буйрукту аткарган, көз будамайлоого барган комиссиянын мүчөлөрү сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

-- Атамбаев ден соолугу солгундап, кан басымы түшүп кетип атканын адвокаты кабарлады эле. Азыр абалы кандай? Түрмөдө жатса да саясый күрөштү токтотпой уланта береби?

-- Эми УКМК – курорт эмес. Атамбаев да алтымыштан эбак ашкан. Ошондуктан ден соолугу үчүн тынчызданбай коё албайсың. Атамбаев саясый күрөштү эч качан токтоткон эмес, азыр да токтотпойт. Бирок, анын кайра бийликке келүү ою Кой-Ташта турганда деле жок болчу. Ошондуктан, аны үй камагына чыгарыш керек. Кыргызстанды төрт президент башкарган, төртөө тең легитимсиз. Муну токтотуш керек да. Негизгиси Атамбаев өзү убадалагандай эски элитаны, тарыхый максатын актап, “чимкириктерди” кошо алып кетип жатат. Эми жаңы креативдүү жүздөр келгенге жол ачылды. Бишкекте өткөн эки митинг буга мисал. Эми ошол күчтү системалык жолго коюп, бийликке келүүгө жол ачыш керек. Мен өзүм ошого басым жасайм.

-- Соңку убакта Кундуз Жолдубаеваны ИИМ улам-улам суракка чакырып, узак убакытка кармап атканы эмнеден кабар берет? 

-- Кундуз тайманбаган, чынчыл, чогуу “разведкага” барчу айым. Эч кимди сатпаганы үчүн кечке эле суракка чакырып жүдөтүп, “каматабыз” деп коркутуп жатышат. Анткени, Кундуз Жолдубаева эртеңки күндө Алмазбек Атамбаевдин ордун баса турган чоң фигурага айланат. КСДПнын жолун узарта турган да ал. Ошондуктан, ал бийликтин эң чоң баш оорусу болду өндөнөт. 

-- Айтмакчы, №1 СИЗОдо камакта жаткан КСДПчы Кыяс Смаилов кечээги Кой-Таш окуясы боюнча тилектештерине каршы көрсөтмө берип жатканы айтылууда. Жалаа жаап атабы? Мисалы кимдерге?

-- Акыркы кезде “Кой-Таш” сыяктуу чуулгандуу кылмыш иштеринде «тергөө менен кызматташуу» деген механизм пайда болуп, бул саясый кызыкчылык үчүн куралга айланганын көрүп жатабыз. Ошондуктан укук коргоо органдарында камакка алынгандарды ар кандай амалдар менен бийликке жакпаган адамдарга карата көрсөтмө бердиртүү аракети жаман адатка айланды. Равшан Жээнбековго карата башка шылтоо таба албай, ошондой көрсөтмө менен камакка алышты. Бул 

тээ 1937-жылдагы мекенчил инсандарыбызга карата жүргүзүлгөн репрессияны элестетет. Бул жакшылыкка алып барбайт. 

-- №1 СИЗОго камалган саясатчы Равшан Жээнбековдун өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч болбойбу? 

-- Равшан Жээнбековго коюлган күнөөлөр УКМКнын карамагында. Ошондуктан саясатчы “каралар” таасири күчтүү ЖАМКнын убактылуу кармоочу жайында эмес, УКМКга кармалыш керек эле. Бул да Равшан Жээнбековго карата болгон басым. Буга чейин ага карата “коррупционер” деген айыпты коюп, жаманатты кылуу аракетин жасашкан, бирок ал үч таза саясый берене боюнча камалганы, аны саясый туткун катары таанууга Кыргызстандын ичинде жана дүйнөдө мүмкүнчүлүк ачып берет. Бийлик жөн жерден өз колу менен кооптуу, оор салмактуу саясатчыны жасап салды. Менин божомолум боюнча, аскерлерди бошотууга аракет жасаган, ортомчу, медиатор болгон Равшан Жээнбековдун камалышы – бул Карамушкина менен Кодурановага карата “ооздорун басуу” аракети болушу керек. Анткени эки эр жүрөк депутат айым болуп жаткан мыйзамсыздык боюнча парламенттик трибунада күнүгө чыркырап, какшап айтып жатышат. Эми алардын депутаттык кол тийбестиги алынып, Жээнбековго коюлган күнөөлөр менен камакка алынышы толук мүмкүн. 

-- Коомчулукта күндө талкууга алынган резонанстуу көрүнүштөр көбөйүп кетти. Мындай чакта өкмөт башчы Абылгазиевдин иштеп атканы, же эс алып атканы байкалбайт. Деги эле аткаруу бийлигинин аракети кандай бүгүнкү чакта? 

-- Мурун Абылгазиевдин өкмөтү, уран казуу боюнча митинг болобу, чек арадагы чырбы, кытайларга каршы жыйналыш болобу, баарын тең “бул атамбаевчилердын кылганы” деп келген. Дегеле бийлик экономиканын чабалдыгын, коррупция менен күрөш алсыз жүрүп жаткандыгын бир гана Атамбаев менен байланыштырып жаткан. Жыйынтыгында, экс-президенттин жарым жыл абакта болуусу мындай шылтоо айтууга кыйын болуп калды. Ал эми ошол эле убакта аткезчилик күчөп, инвесторлор өлкөдөн кетип, чек арадагы абал да курчуп жатат. Ошондуктан коомдо оппозициялык абал күчөп, мурун “митинг” деген сөздөн аллергиясы кармап жаткан “балкончиктер” да эки жолу көчөгө чыгууга аргасыз болушту. Бирок Абылгазиевдин өкмөтү кетпейт деп ойлойм, анткени ал президент аппаратынын буюртмасын кыйшабай аткарып жатат. Мындай “ишенимдүү” кадр келерки шайлоо пландагандай өткөрүү үчүн керек. Ошондуктан, азыркы өкмөт жаңы парламент келгенге чейин алмаштырылбайт.  


Асланбек САРТБАЕВ

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер