Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Эшимканова: “Быйыл Мелис 60 жашка толмок… Эскерүү кечесин татыктуу өткөрүүгө аракет кылабыз”

Асел Эшимканова: “Быйыл Мелис 60 жашка толмок… Эскерүү кечесин татыктуу өткөрүүгө аракет кылабыз”

05-декабрь, 09:00
1 169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Асел айым, 9-декабрда жолдошуңуз маркум Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо 60 жашка толмок. Артка кылчайып көрөлү, өзүңүздөн 15 жаш улуу адам эмнеси менен сиздин жүрөгүңүздү багынтты?

-- Биз капилет кезиктик. Бирок, азыр турмушта эч бир нерсе капыстан болбой турганына ынандым. Алгачкы жолугушуубуздан тарта эски достордой баарлашчубуз. Балким, бул тапталып бүткөн сөздүр, бирок сезимдер жашка карабайт экен. Албетте, тааныштарыбыз, досторубуз, алтургай туугандарыбыздын арасында жаш курагыбыздагы айырмадан улам кеп-сөз кылгандары кыйла эле көп болгон. Ошондой пикирде калгандары азыр деле жок эмес. Бирок сиздер Мелисти жакшы тааныйсыздар. Андай нерсеге эч качан көңүл бурчу эмес, муну мага да үйрөтүп кетти. Мелистин артыкчылыктары өтө арбын болчу. Эң башкысы, ак ниет, пейили кенен киши эле.

-- Мелис бу дүйнө менен жөн эле кош айтыша турган киши эмес эле. Орчундуу себебин издеп көрдүңүзбү?

-- Андан ажырап калганыма көпкө чейин ишене албай жүрдүм. Өлүмүнө күнөөлүүлөрдү издедим, тааныш, бейтааныш да саясатчылардын баары мага бир учурда душман сымал туюлган. Бирок азыр өлкөдө өткөн окуяларды талдап көрүп, алар Мелистин саламаттыгына катуу доо кетиргенин түшүндүм. Кайгыга батып, азага алдырсак да, канчалык мүңкүрөсөк дагы, аны кайра кайрый албайт экенбиз. Бул – турмуштун бирден-бир айныгыс чындыгы тура...

-- Көп кырдуу, ары сырдуу, ичи буркан-шаркан, бирде жашоодогу жымжырттыкты издеген, кээде тунгуюк ааламында буркан-шаркан жашоого умтулган адамга жаншерик боло алдыңбы? 

-- Эч нерсеге өкүнбөйм. Мелистен мага эки эбегейсиз белек калды. Уулубуз Адам, кызыбыз Миэлла чоңоюп, эс тартып калышты. Атасы тууралуу көп сурашат, алгач таанышканыбыздан бери айтып берем. Өздөрү да интернеттен издеп, видеолорун көрүп, кээде эстеринде калган элестерин айтып калышат.

Биздин үйгө келип, менден маек алышканда, “Мелис сизди “идеалдуу аялзаты” деди, сиз жолдошуңузду “эч кынтыксыз” дей алат белеңиз?” деген суроо узатышкан. Ошондо “кынтыксыз киши жок, экөөбүз тең андай эмеспиз. Бирок төгөрөгү төп келген үй-бүлөбүз” деп жооп берген элем.

-- Кыргыздар түшкө көп маани берет, Мелиске байланышкан эсте калган түшүңүз жана аны кандай жорудуңуз?

-- Бул жакшыбы же жаманбы билбейм, бирок түшүмө көп кирбейт. Мурда жок дегенде түшүмө кирсечи (?) деп ыйлачумун. Бирок апам “демек, арбагы сага ыраазы, эч кандай дооматы жок. Ошон үчүн түшүңө кирбейт” деп калат.

-- Мейли саясатта, же жеке жашоосунда болсун, Мелистин кайсы максаты ишке ашпай калды?

-- Мелис бала кезинен режиссёр болууну самап, атүгүл Москвага окууга тапшырыптыр. Бирок ал окуу жайга 21 жаштан баштап кабыл алат экен. Ал эми Мелис ал жакка сценарийин жөнөтүп, аңгемелешүүгө чакырылган кезде 16 гана жашта экен. Ошондон соң ал журналистикага тапшырууну чечиптир.

Бирок “сөзсүз жакшы бир тасма тартам” деп калчу. Аман болсо, сөзсүз ушул тилегин ишке ашырмак. Бул жашоодо ал эмнени колго алса, майын чыгара аткарып, ишке бүт дитин коюп, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылар эле. Өзүнө да, айланасындагыларга дагы талапты катуу койчу. Ошондон улам ойлойм, эгер Мелис кино тартса, өтө кызыктуу тасма жаралмак. Мемуар да жазгысы келчү. Жазуу анын табиятындагы иш болгондуктан, көңүл чордонунан орун алган китеп чыгары шексиз эле.

Мелис – ар тараптуу, ой чабыты кенен, көп окуп, ой калчап, талдап, алдыны көрө билген кыраакы инсан эле. Ошондуктан демилгеге жык пландары өтө көп болчу. Тилекке каршы, өмүрү кыска экен, ойлору ишке ашпай калды.

Айрымдардын пикиринде Мелис сырттан абдан катаал киши сезилсе да, абдан ак көңүлдүгүн белгилегим келет. Ачык-айрым, айланасындагылардын баарына боорукер, камкор эле. Чогуу иштешкендерине кандай мамиле кылганын сиз менден да жакшы билесиз. Колунан келишинче көмөктөшүп, биринин турак жай маселесин чечип берсе, кай бирлеринин дары-дармегине чейин таап берчү. Жакыныбы, кызматкери болобу, четте калбай, көйгөйүнө көмөкчү болууга тырышчу.

-- 9-декабрь жакындап калды...

-- Учурдан пайдаланып, Мелисти билген, тааныган, эстеп жүргөн замандаштарыбыздын баарын эскерүү жана 60 жылдыгына карата уюштурулган аземге чакырам. Иш-чара 9-декабрда Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында өтөт. Саат 10:45те башталат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер