Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ФОТО - Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн жана анын кызы менен коштошуусу

ФОТО - Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүн жана анын кызы менен коштошуусу

09-октябрь, 11:36
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жактоочу Замир Жоошев КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн камап коюшу мүмкүндүгүн билдирди. Аны бүгүн суракка  чакырышкан.

Маалыматка ылайык, Алга Кылычевдин Жолдубаевага каршы көрсөтмө бергени менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Буга чейин Кундуз Жолдубаеваны Алга Кылычев менен беттештиргенде, ал Жолдубаевага каршы көрсөтмө берген. Мындан улам, тергөө ошол көрсөтмөнү жетиштүү деп эсептеп, Кундуздун макамын күбөдөн шектүүгө которуп коюшу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Иш ошондой өңүттө кетсе, Кундуз Жолдубаеваны бүгүн кармап, баш коргоо чарасы аныкталгыча, убактылуу кармоочу жайга киргизиши да мүмкүн. А балким, жөн гана кошумча сурактыр деген да ой бар», -деди Жоошев.

Суракка Кундуз Жолдубаева кичинекей кызы менен келген. Анын кызы менен сезимди ойготкон коштошуусун журналисттер сүрөткө түтшүрүп калууга жетишкен. 

Аryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер