Алмаз Тажыбай: «Беларуста кайрадан шайлоо болсо, алар авторитардык же демократиялык жолду тандашат»

-- Беларустагы президенттик шайлоодон кийинки толкундоолор эмне менен бүтүшү мүмкүн?
-- Беларустагы ири толкундоолор президенти үчүн күтүүсүз болду. Ал митингдер мындай масштабга чыгат деп күткөн эмес. Эгер Александр Лукашенконун бийлиги кулабаса, оппозицияны куугунтукка алат. Мындай басымдар улана берсе, чыр-чатак созулат. Аны эки тарап, ошондой эле сырткы күчтөр да каалабайт.
-- Евробиримдик шайлоонун жыйынтыгын кабыл албай турганын айтты… Негизи башка мамлекеттер, уюмдар ашыкча кийлигишип жаткан жокпу?
-- Он чакты авторитардык мамлекеттер өздөрүнүн куттуктоосу менен Александр Лукашенконун бийлигин таанышканын билдиришти. Белгилүү болгондой, алардын арасында Россия менен биздин өлкө да бар. Бирок, демократиялык мамлекеттер, Европа биримдиги, АКШ, Улуу Британия ж.б. шайлоо процесстери фальсификация менен өткөнүн жана анын жыйынтыгына каршы чыккандарга катуу чараларды, зомбулукту Лукошенконун репрессивдүү күч структуралары мыйзам бузуу менен колдонгонун ачык айтып, нааразычылыктарын билдиришти. Мындай сын айтууну негиздүү катары эсептейм. Европа биримдиги сыяктуу уюмдар ушул сыяктуу процесстерде сырттан карап турбашы керек. Алар сын гана айтпастан, эки тарапты ынтымакка үндөп, маселени мыйзам чегинде жөнгө салууга чакырышты.
-- Эгер беларусь эли талап кылгандай бийлик алмашса, аларды эмне күтүп турат?
-- Эгерде жаңы шайлоо болсо, алар өздөрүнүн тагдырын өзү чечкен болот жана авторитардык-диктаторлук же демократия жолун тандашат.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити