Турсунбек Акун: “Текебаевдин доору бүттү. Акаев менен Момбековдун ою жаман...”

-- Турсунбек мырза, Жанар Акаев “референдум жөнүндөгү мыйзамды күч менен кабыл алдырды, кээ бирин коркутуп-үркүтүп жыйынга алып келишти” деди. Жанар Акаев аша чаап кеттиби же ачуу чындыкты айттыбы?
-- Чынын айтканда, Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча демилге Жогорку Кеңеш тараптан көтөрүлгөн. 80 депутат кол коюп, демилгелеп, мыйзам долбоорун 17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтына илип, 20-ноябрда жаңы түзүлгөн конституциялык кеңешмеге жиберген. Биз – ошол конституциялык кеңешменин мүчөлөрү үч ай бою эртең мененден кечке чейин активдүү талкууладык. Үч секцияга бөлүнүп алып иштедик. Иштелип чыккан Конституцияны февралдын башында Жогорку Кеңешке кароого жиберип, алымча-кошумча кылып, айрым жерин толуктап, референдумга чыгарууга даярдасын дедик. Тилекке каршы, парламентте бул Конституциянын долбоорун талкуулоо чыр-чатак менен коштолуп, депутаттар айтышып, убакытты созушту. 11-мартта гана көпчүлүк депутаттар колдоп беришип, референдумга чыкты.
Негизи 80 депутат кол коюп, Конституцияны демилгелеп, автору болгондон кийин өздөрү иштеп чыгып, жок эле дегенде 80 депутаттын 50-60ы конституциялык кеңешмеге катышып турушу керек болчу. Тилекке каршы, саналуу гана депутаттар катышты. Конституциянын 98 мүчөсүнүн 60-70и активдүү катышып, Конституциянын долбоорун иштеп чыгып, парламентке бергенден кийин Конституцияны демилгелеген 80 депутат жыйынга активдүү катышып, кабыл алып бериши керек эле. Тилекке каршы, алар пассивдүү болуп, кээ бири жыйынга келбей, айрымдары сүйлөбөй, кайдыгер болушту. Ошол жагын эске алганда, спикер, фракциялардын комитеттери депутаттарды күчтөп, намыстарына тийип, “конституциялык кеңешме иштеп чыкса, неге колдоп бербейсиңер?” деп жыйынга алып келиши мүмкүн. “Жергиликтүү шайлоо менен бир күндө кабыл алдыралы. Бюджетте акча жок болгондон кийин үнөмдөйлү” деп айтышканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Аларды Жанар Акаев айтканчалык коркутуп-үркүтүшпөсө керек. Негизи Жанар Акаев да кээде аша чаап кетет. Анткени, ошол жыйында Конституцияга каршы сүйлөгөн 7-8 депутат эле патриот эмес да. Тагыраагы, ошол Конституцияны демилгелеген депутаттардын бир тобу аларга салыштырмалуу патриот болсо керек. Таңдайынан чаң чыккан Жанар Акаевди, Рыскелди Момбековду канча жолу “конституциялык кеңешмеге келип, талкууга катышып, дебатка чыгып, өз пикириңерди айткыла. Алымча-кошумчаңарды кошкула” деп чакырдык. Бирок, алар атайын келишкен жок. Алардын ою башынан жаман болгон. Алардын максаты – Конституцияны өткөрбөө болгон.
-- Эмне үчүн алар каршы болушту?
-- Анткени, биз жаңы Конституцияда президенттик системаны калыбына келтирип жатабыз. Себеби, 10-январда эл ошентип чечти. Биз ошол элдин чечимин иш жүзүнө ашырдык. Эми партияларга келген акчалар токтойт. Партиялардын ролу төмөндөп, парламент мурдагыдай улам-улам өкмөттү алмаштыра бербейт. Өздөрүнүн кишилерин министр же комитеттин төрагасы кылып коё албайт. Кызматка коюш үчүн кимдир бирөөлөрдөн партия башчылары акча алалбайт. Партиялардын жетекчилери күн өткөн сайын байыбайт. Мына ушундай нерселерге жол берилбей турган Конституция жазылганы үчүн 7-8 депутат чырылдап каршы чыгып жатат.
-- Андай болсо неге бул Конституцияны жазган адамдарды “бийликке кошомат кылгандар жазды” деп сындап жатышат? Конституцияны чындап эле тажрыйбасы жок, бирок кошоматты катыра кылган адамдар жаздыбы?
-- Конституцияны жазган конституциялык кеңешменин 98 мүчөсүнүн ичинде чыны менен ар түрдүү адамдар бар. Алардын арасында кошоматчылары, бийликте отургандары, депутаттар, илимий кызматкерлер, окумуштуулар, же “бийликке барыш үчүн көрүнүп коёюн” деген кошоматчылар да бар. Ошондой эле мамлекетке чын жүрөгүнөн күйгөн, “бийликти бир адам башкара турган абалга жетсек, партиялардын башаламандык парады токтотсо, тартип орносо, парламент билген талканын чалбаса, өлкөдө тынчтык анан стабилдүүлүк орносо экен” дегендер да бар болду. Мына ошондой ак жүрөк саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү бар болгону үчүн Конституцияны бир нече тажрыйбалуу адамдар сүйрөп, жол көрсөтүп, кеңешин берип турушту. Айрымдары жалындуу сөздөрү менен конституциялык кеңешменин жаш мүчөлөрүнө жол көрсөтүп, үмүт, дем берди. Кандай болгон күндө да материалдык кызыкчылыкты жогору койбой, маяна албай, Конституциянын сапаттуу долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке өткөрүп бердик.
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн “кошоматчы” деп айтып жаткандар Конституцияга каршы чыккан 7-8 депутат, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү, Отунбаева жана Атамбаевдин жактоочулары, колдоочулары болду. Анткени, алардын аброю түшүп, Текебаевдин доору бүттү. Текебаевдин жана Атамбаевдин партиясынан шайлангандар кеңешменин мүчөлөрүн каралаш үчүн “кошоматчы” деп атап жатышат. Чынында биз Конституциянын долбоорун сапаттуу иштеп чыктык.
-- Парламентке жөнөткөн Конституциянын долбоорунда талаштуу маселелер бар беле?
-- 3-4 талаштуу маселе бар болчу. Аны биз өткөрүп бергенден кийин депутаттар оңдоп-түзөш керек эле. Ошону алымча-кошумчасын толуктап туруп, парламентке чыгарышы керек болчу. Тилекке каршы, алар биз берген долбоордун үтүрүн да, чекитин да өзгөртпөй коюптур. Сыягы, Конституцияны өзгөртүүгө духтары жеткен жок окшойт.
-- Баса, президент Садыр Жапаров “Башмыйзам боюнча жоопкерчилик конституциялык кеңешмеде болот” деди. Силер ошондой жоопкерчиликти ала аласыңарбы?
-- Негизи Конституциянын автору жана демилгечиси Жогорку Кеңеш. Тилекке каршы, алар демилгечи деген гана атка ээ болушту. Конституцияны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү ошол кезде жаңы түзүлгөн конституциялык кеңешмеге өткөрүп беришти. Конституциялык кеңешме Конституциянын иштелип чыккан долбоорунун 70-80 пайызын өзгөртүп, жаңы Конституцияны иштеп чыктык. Парламент кем-карчын оңдомок турсун 7-8 депутат болушунча бут тосушуп, тоскоолдук жаратып, Конституцияны бекитүүнү бир жарым айга созушту. Мына ушундай жагдайдан Конституциянын автору депутаттар эмес, кеңешменин мүчөлөрү болуп калды. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун “Конституциянын автору Жогорку Кеңеш, конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жана эл” деп айтканы туура. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү Конституциянын автору болгонубузга сыймыктанабыз. Жогорку Кеңеш күчтүү болуп, Конституцияны өздөрү иштеп чыгып, тоскоолдуксуз кабыл алышканда, биз автор болбой эле Конституцияга жардам берген жардамчы эле болуп калмакпыз. Тилекке каршы, баардык жоопкерчиликтин баарын депутаттар конституциялык кеңешмеге жүктөп коюшту. Биз ошол жүктү татыктуу көтөрүп, жакшы конституциялык долбоорду иштеп чыктык.
Чынайым Кутманалиева
"Азия Ньюс" гезити