Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Касымалиева: “Биримдик” социалдык көйгөйлөргө тереӊ көӊүл бурат”

Аида Касымалиева: “Биримдик” социалдык көйгөйлөргө тереӊ көӊүл бурат”

05-сентябрь, 16:49
733 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 5-сентябрда “Биримдик демократиялык социализм - евразиялык тандоо” саясый партиясы ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт иштерине расмий старт берди. Иш-чара Ош шаарындагы ыйык Сулайман тоонун боорунда болуп ѳттү. Ага  партиянын мүчөлөрү жана лидерлери ошондой эле жаштар канаты катышты. Ош шаарынын тургундары “Биримдик демократиялык социализм - евразиялык тандоо” саясый партиясын жылуу тосуп алышты. 

Чогулгандардын алдына Жогорку Кенешке депутаттыкка талапкер Аида Касымалиева чыгып, партиянын аймактардагы социалдык саясаты тууралуу кеӊири айтып берди.  

«Өлкөдөгү көйгөйлөр мени да биринчи кезекте эне катары, аял катары ойлондурбай койбойт. Ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн жалгыз адам аздык кылат, күчтүү команда, системалык өзгөрүүлөр керек, биз ошондуктан Жогорку Кеңешке аттанып, сиздерге программабызды сунуштап жатабыз. "Биримдик" социалдык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурат. Бул биздин балдарыбыздын, энелердин ден-соолугу, балдардын билими, мугалимдердин жана дарыгерлердин абалы, аз камсыз болгон адамга кам көрүү», - деди ал. 

Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ 2020-жылы дүйнөгө келген пандемия баарыбызды ойго салгандыгын, бирок ал күндөрдөн сабак алып, чындап өзгөрүшүбүз керектигин айтты. 

«Бүгүн Жогорку Кеңешке ар бир талапкер, алардын сыноодон өткөрүп жаткан ар бир жаран, ар бир үйдө жүрөгүнүн түпкүрүндө "Кыргызстаныбыз өнүксө экен, ушул парламент башкача болсо экен, жашообузда жакшы өзгөрүү болсо экен" деп ойлонуп жатат деп сезем. Билем. Эмнени кор кылсак, ошого зар болдук. Мугалимдердин жана дарыгерлердин коомдогу кадырлуу ордун калыбына келтирели!», - деген ойду билдирди талапкер. 

Аида Касымалиева күчтүү аймак-мамлекеттин тиреги экендигин баса белгилеп, аймактарга түзүлгөн шарттар өлкөнүн макро экономикасын жандандыра турганына токтолду. 

«Элибиздин  бакубат болуусуна шарт түзөт. Аймактарды бүгүнкү замандын технологиясы менен камсыздап, элибиздин жашоосун жеңилдетүүгө шарт түзүү биздин приоритеттүү максаттарыбыздын бири. Ал үчүн биз бир муштумдай биригип, биримдикте жана ынтымакта жапатырмак аракет жасообуз зарыл. Биз ар тараптан тажрыйбалуу, билимдүү жаштар бир командага бириктик. Биздин максат балдарыбыздын кең келечегин, ата-энелерибиз үчүн бакубат өлкөнү куруу болуп саналат. Биз баштаган даңгыр жол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башаты болоруна терең ишенем», - деп белгиледи Аида Касымалиева. 

Сөзүнүн аягында Аида Касымалиева, азыр элдин аӊ сезими ойгонуп, ар бир жаран жүрөгү менен тандоо жасай тургандыгын айтты. «Биз баардык өзгөрүүлөрдү биримдикте жана ынтымакта жасайбыз. Эмнеге "Биримдик"? Бөлүнүүнүн арты эч качан жакшылыкка алып келбей тургандыгын өткөн күндөр далилдеди. Болду жетишет. Элибиз азыр ойгонгон. Ак менен караны жакшы айырмалай билет деген үмүт менен жашайм. Мен ошону көрүп сүйүнүп жатам. Сөздөн ишке өтөлү. Ошол мезгил келди. Биримдик – колго кармаар куралыбыз, байракка жазып алчу   урааныбыз!», - деп сөзүн аяктады Аида Касымалиева.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер